Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:32

Бүгүн тоталитардык доордун курмандыктары эскерилди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдардын жана саясий партиялардын өкүлдөрү тоталитардык доордун курмандыктарын эскеришти. Алар Бишкекте катаал мезгилдин курмандыктарына арналып тургузулган эстеликтин алдында чакан митинг өткөрүштү. Анда сөз сүйлөгөн «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын башчысы Эдил Байсалов 7-ноябрда тоталитардык доордун курмандыктарын эскерүүнү салтка айлантуу туура болоорун белгиледи. Ал эми саясатчы Топчубек Тургуналиев өткөн кездегидей репрессиялардын эпкини азыр да байкалып жатканын билдирди. Митингдин соңунда тоталитардык доордун курмандыктарынын арбактарына арналып куран окулду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG