Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15
БИШКЕК. Бүгүн Бишкекке Азия Өнүктүрүү Банкынын президенти Тадао Чино келди. Ушул эле күнү аны президент Аскар Акаев кабыл алды. Мамлекет башчысы жолугушууда Кыргызстандын экономикалык абалы жана Азия Өнүктүрүү Банкынын өлкөдө ишке ашырып жаткан долбоорлору тууралуу маалымат берди. Жолугушууда менчик секторду кредиттөө, өлкөнүн экономикасына түз инвестиция тартуу жана Борбор Азиядагы регионалдык кызматташтык маселелери да талкууланды. Тадао Чино ушул эле күнү премьер-министр Николай Танаев менен да жолугушту. Ал Кыргызстанга Борбор Азиядагы иш сапарынын алкагында келди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG