Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:17

КАСПИЙДИН КАРА МАЙЫ КАЛКТЫ ЖЫРГАТАБЫ?


Дүйнөлүк банк Каспий мунайын алыскы өлкөлөргө ташып барууну көздөгөн Баку-Жейхан долбооруна 250 млн долларлык насыя бөлүштүрүү жөнүндөгү чечимин жарыя кылды. Аталган каражаттын 125 млн долларлык бөлүгү эл аралык мунай куурунун башатында орун алган Азербайжанга тиймекчи. Андан улам, бир катар эл аралык уюмдар Дүйнөлүк банк өз жарандарынын саясий жана башка укуктарын сыйлабаган өкмөттөргө колдоо көрсөтүүдө деп күнөөлөп жатышат.

Адистердин эсеби боюнча, Каспийдин түбүндө бугуп жаткан болжол менен 3,6 млрд баррель кара майды дүйнөлүк базарга ташып чыгара турган Баку-Жейхан долбоору планга ылайык турмушка ашса, 2005-жылдан тарта ал аркылуу күнүнө 1 млн баррель чийки мунай Батышты көздөй агып кете баштайт. Азербайжандан баш алган мунай кууру бул өлкөнүн кеңири аймагын кесип өтүп, андан ары Грузиянын тоолуу аймактарын аралай коңшулаш Түркиянын күрддөр жердеген түндүк бөлүгү аркылуу Жер Ортолук деңизди жээктеген Жейхан портуна барып такалат. Келечекте аталган долбоор жүзөгө ашса, ал – Каспийди жээктеген постсоветтик өлкөлөрдү мунай экспорттоо маселесинде Орусиянын үстөмдүгүнөн бошотуп, экинчи жагынан АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү энергетикалык тармакта Мунай экспорттогон өлкөлөр уюму, же ОПЕКке көз каранды болбой калары ажеп эмес. Дал ошондуктан Жакынкы Чыгыштын мунай запастары менен Орусиянын кара майды экспорттоо тармагына көз каранды болуп келген Вашингтон Баку-Жейхан долбоорунун эң кызуу жактоочусу болуп эсептелет.



Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү миллиарддаган долларлык долбоорду колдоо чечимин чөлкөмдөгү өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн саясий, экономикалык жана экологиялык программаларына көмөк көргөзүү, ошондой эле мунайдан түшкөн калың киреше келечекте жалаң башкаруу чөйрөсүн гана эмес, карапайым калкты да байытат деген терең ишеничине негиздеди. Алар анткен менен, укук коргоочулар Дүйнөлүк банктын чечимин катуу сындап, мындай саясаты менен эл аралык башкы каржы уюму Каспий алабындагы өлкөлөрдөгү саясий диктатура менен экономиканы каптаган коррупцияны көкүтүүдө деп нааразылык билдиришти. Айтсак, Нью-Йорктогу Ачык коом институтунун Каспийдин табигый ресурстарына байкоо жүргүзүү бөлүмүнүн директору Светлана Цалик алардын мекемеси көптөн бери эл аралык алдыңкы мунай компанияларынан Каспийди жээктеген өлкөлөрдөгү мамлекеттик мунай ишканалары менен кызматташпоону талап кылып келатканын айтат. "Өкүнүчтүүсү, биздин бул тилегибиз ишке ашпай, алдыңкы, бай компаниялар Каспийдин түбүндөгү мунайга ири каражат сарптап жатышат, бирок ал акча көпчүлүк учурларда өкмөттө отургандардын кызыкчылыгына гана кызмат кылууда", - дейт Ачык коом институтунун өкүлү.


Германиялык эксперт Адам Сиемински болсо, айрыкча жакында эле эч бир эл аралык стандарттарга жооп бербеген президенттик шайлоо өткөн Азербайжанга Дүйнөлүк банк бекем ишенич көрсөткөнүнө таң калып турганын айтат. "Эл аралык каржы уюму ыроологон 125 млн. долларлык фондду кандай сарптоо маселеси Азербайжандын парламентинде каралат, ошентсе да акыры барып, эми ал акчаны Азербайжандын эски жана жаңы президенттери – ата-бала Алиевдер көзөмөлдөөрү айдан ачык", - деген пикирде Адам Сиеменски.


Каражат келечекте кандай сарпталып, кимди байытаарын мезгил көрсөтөр, бирок бул окуялардан улам эл аралык Карнеги фондунун өкүлү Марина Оттавейдин жакында АКШ Сенатында айткандары өтө актуалдуу пикирдей сезилип кетет экен. Табигый ресурстарга бай Нигерия, Ангола, Венесуэладагы оор экономикалык жана саясий жагдайды мисалга келтирип, ал ири мунай жана газ кендери орун алган өлкөлөрдүн телегейи тегиз болуп кетмек тургай, тескерисинче, алар бир катар жалпы мүнөздүү кыйынчылыктарга туш болоруна көңүл бурду.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG