Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:49

Грузияда жекшемби күнү өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы чыга элек


Грузия президенти Эдурад Шеварднадзе кечээ кечинде сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, элди тынчтанууга чакырды. Оппозиция бүгүн ири митинг өткөрүп, Шеварднадзенин кызматтан кетишин талап кылууга камданууда. Президенттин айтымында, мындай касташуу ич-ара согушка алып келиши мүмкүн. Жекшемби күнү өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары чыгарыла элек жана оппозициянын айтымында, өкмөт аны бурмалоодо. Зугдиди шаарында өтүп жаткан митингдин катышуучуларына карай кечээ күнү белгисиз адамдар ок да атты, бир аял жараат алды. Шеварднадзенин айтымында, маселени саясатчылар же демонстранттар эмес, шайлоо комиссиясы менен сот чечүүгө тийиш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG