Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

Иракка аскер жиберүүдөн Түркия баш тартты


Түркия Иракка өз аскерлерин жибербей турган болду. Өлкөнүн тышкы иштер министри Абдулла Гүл ал тууралуу АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэллге 7-ноябр күнү телефон чалып билдирди. Октябр айында түрк өкмөтү Иракка 10 миң аскер жиберүүнү чечкен, бирок Ирактын убактылуу өкмөтү ага каршы чыкты. АКШ мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Ричард Баучердин айтымында, Түркиянын чечимин Вашингтон түшүнөт:
- Мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин айтымында, түзүлгөн абалды жана маселенин татаалдыгын эске алганда, мүмкүн азырынча аскер жиберүүнүн кереги жок. Жана Гүл мырза да ага макул болуп, келечекте абал өзгөрсө, Түркия өз чечимин кайра карап чыгышы мүмкүн деп билдирди.
Ирактын Тикрит шаарынын алдында кечээ күнү бир америкалык тик учма кыйрап, алты аскер курман болду. Мосул шаарынын алдында орун алган куралдуу кагылышууда болсо бир америкалык аскер набыт болуп, дагы бир нечеси жараат алды.

XS
SM
MD
LG