Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

БУШТУН ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ САЯСИЙ СТРАТЕГИЯСЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Бейшемби, 6- ноябрда АКШнын президенти Жорж Буш “Нашинел Эндоувмент Фор Демокраси” уюмунун 20 жылдык маракесине арналган жыйында сөз сүйлөп, ислам дүйнөсүн демократташтыруу туурасындагы көз караштарын ортого салды. Америкалык президент демократиялашуу тенденциялары азыр глобалдык масштабга жеткендигин жана ал процесстен ислам дүйнөсү сыртта калбай турганын билдирип, бул жөнөкөй эмес процессте АКШга жетекчи роль таандык экенин белгиледи.

Дүйнөлүк демократияны өнүктүрүү боюнча Вашингтондо жайгашкан уюмдун 20 жылдык мааракесине арналган чогулушта сүйлөгөн сөзүндө америкалык президент демократиялашуу процесси түрдүү тоскоолдуктар менен кыйынчылыктарга карабастан бүткүл дүйнөдө кулач жайганын жана ал процесс ислам дүйнөсүн кыйгап өтпөсүн билдирди.

Ж.Буш:
- Дүйнө калкынын бештен бир бөлүгүн камтагын ислам дүйнөсү демократиянын арты менен гана кубаттуу боло алат. Демократиялаштыруу процесси Түркия, Индонезия, Сенегал, Албания, Нигерия жана Сьерра-Леоне сыяктуу калкынын кыйла бөлүгүн мусулмандар түзгөн мамлекеттерде өнүгүп-өөрчүп баратат.

Американын президенти өз сөзүндө Кошмо Штаттардын Ирактагы согушун кайрадан коргоп, аны бул жолу өлкөнү демократиялаштаруу зарылчылыгы менен негиздеди:

- Жакынкы Чыгыштын чок ортосунда эркин Ирактын пайда болуусу, глобалдык демократияны өркүндөтүп, Дамасктан Тегеранга чейинки аймакка "Эркиндик ар бир өлкөнүн келечеги болоорун жарлыктаган сүйүнчү кабар жиберет".

Буштун сөзүндө Ирак менен Ооганстан региондогу демократиялаштыруу процессинин негизги сахнасына айланууда. Ошону менен бирге эле, президент Сирия, Палестин автономиясы менен Ирандын жетекчилиги жарандардын демократиялык реформаларды жүргүзүү талаптарына мойун сунбай жатышат деп айыптады:

- Демократиялык реформаларга бут тосуп, зордукчул аракеттерге май куйуп жатышкан палестин жетекчилигин лидерлер деп эсептебейм. Алар тынчтыкка тоскоолдук кылып, палестин элинин бактысына кедерги болууда:

Бирок адам укуктары көп учурда этибарга алынбай, жарандар шайлоо, өз келечегин тандоо укугунан эмдигиче пайдалана албай келатышкан Мисир жана Сауд Арабия сыяктуу өлкөлөргө президент сылап-сыйпап сын айтты. Падышалык бийлик өкүм сүргөн Сауд Арабияда ушул күнгө чейин бир да жолу жалпы шайлоо өткөрүлүп көргөн эмес. Монархия жергиликтүү бийликти шайлоо жолу менен түзгөнгө убада берип келатат. Бирок андай шайлоо өткөрүүгө өкмөт али реалдуу кадам жасай элек экенин белгилей кетүү абзел. Адам укуктары тебеленип жаткан Өзбекстан болсо АКШ президентинин баяндамасында такыр эле аталган жок. Ушундан улам Буштун сөзүнө комментарий берип жаткан “Нойе Цүрихер Цайтуң” гезити араб өлкөлөрүнүн АКШнын дарегине эбактан бери айтылып келаткан нааразычылыгы төп келип жатканын айтат. Арабдарда "АКШ демократияны өзүнүн жеке кызыкчылыгына тууралап, пропагандалайт",- деген пикир кеңири тараган.

Айрым серепчилер Жорж Буштун Американын демократиялык стратегиясын жарлыктаган сөзү, негизинен, Жакынкы Чыгыштагы шериктерине багытталганын айтып жатышат. Бул чөлкөмдөн үзгүлтүксүз арзан мунай алып, өзүнүн экономикалык дөөлөтүн арттырып келаткан АКШ, жарым кылымдан ашык убакыт бою бул региондо авторитардык, ал тургай, катаң диктатордук режимдердин тоскоолдуксуз бийлик кылуусуна көз жумуп келген. АКШнын "мейлиге салган" мындай позициясын 2001-жылдын 11-сентябрында Вашингтон менен Нью-Йоркко жасалган террордук чабуулдар жана Жакынкы Чыгыш регионунда Америкага карата душмандык маанайдын күч алуусу өзгөрткөндөй болду, деп жазат 7-ноябрда Ассошейтед Пресстин серепчиси Теренс Хант.

Бирок аналиктердин кыйласы Буштун көптү убада кылган жаңы демократиялык доктринасын региондун өлкөлөрү кабыл ала койборун, андыктан АКШнын региондогу саясатына болгон мамиле оң жагына өзгөрбөй тургандыгын айтышат. Алардын айтымында, Ирактагы диктатордук режимди кулаткан АКШ чийеленишкен этник, диний, саясий жана экономикалык проблемаларга баткан бул чөлкөмдөгү абалды турукташтыруу ишин дээрлик жалгыз аткаранга мажбур болот.

XS
SM
MD
LG