Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:34

Бишкекте Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын абалы талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Регионалдык иликтөө институту жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү «Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын маселелери жана келечеги» деген темада семинар өткөрүштү. Анда жергиликтүү маалымат каражаттарына каршы берилип жаткан доо арыздар, маалымат каражаттарынын өнүгүү маселеси жана жаңыдан түзүлгөн Медиакеңештин ишмердүүлүгү талкууланды. Семинарда «Фриидом Хауздун» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Стюарт Кан жана «Басма үйү» долбоорунун башчысы Майк Стоун сөз сүйлөшүп, Бишкекте ишке киргизилгени жаткан Көз карандысыз басма үйү тууралуу маалымат беришти. Майк Стоундун билдиргенине караганда, басма үйү көп түстүү гезит-журналдарды чыгаруучу техникалык каражаттар менен толук жабдылып бүттү. Ноябрдын этегинен баштап басмакана кадимкидей иштей баштайт.
Басма үйүнүн 14-ноябрга белгиленген расмий ачылышына АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия боюнча жардамчысы Елизабет Жоунс, адам укуктары жана демократия боюнча жардамчысы Лорн Крейнер катышаары күтүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG