Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Түндүк Кореянын Россиядан табыгый газ импортоосу жөнүндөгү маселе келерки жумада чечилет


СЕУЛ. Келерки жумада Россия, Кытай жана Түштүк Корея Түндүк Кореяны орток газ долбооруна кошуу маселеси боюнча чечим кабыл алышмакчы. Сөз болуп жаткан ишкер долбоор боюнча Сибирдин табыгый газын Корей жарым аралына ташуу каралган. Түштүк Кореянын соода, өнөр жана энергетика министрлигинин айтымында, чечим 14-ноябрда Москвадагы сүйлөшүүлөрдө кабыл алынат. Түштүк Кореянын "Жууң Аң Илбо" гезити куурду Түндүк Корея аркылуу алып өтүү үчүн өтө көп каражат сарпталып, куурдун коопсуздугу ишенчиликсиз болоорун жазып чыккан эле. Долбоор 2008-жылы ишке киригизилет. Ага ылайык, Түштүк Корея келерки 30 жылдын ичинде Россиядан жылына жети миллион тонна табыгый газ импорттойт.

XS
SM
MD
LG