Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Ооганстанда талибандар деп шектелген бир топ киши окко учту


КАБУЛ. Кечээ Ооганстандын Забул провинциясында Талибан тобунун өкмөттүк кеңселерге жасаган чабуулунан, бери дегенде, 8 киши курман болду.Курман болгондордун жетөө талибдер , бирөө өкмөттүк аскер экени болжолдонот.Бул жөнүндө Забул өкмөтүнүн жооптуу өкүлү билдирди. Анын аралыгында, ооган өкмөтү өлкөнүн түндүгүндөгү эки касташ топту жараштыруу үчүн чөлкөмгө арачыларын жиберди. Ооганстандык өзбек Абдул Рашид Достумдун жана анын атаандашы улуту тажик Атта Мухамаддын аскерлери Талибан бийлиги кулатылган 2001-жылдын ноябрь айынан бери маал-маалы менен салгылашып келатышат. Эки тараптын уруштарында бир топ карапайым кишилер курман болду.

XS
SM
MD
LG