Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:09

Бүгүн израилдик аскерлер бир палестин жигитти атып өлтүрүштү


ЖЕНИН. Палестин бийликтеринин маалымдашынча, бүгүн Иордандын батыш жээгинде Израилдик аскерлер менен палестин согушкерлеринин кагылышуусунда 19 жаштагы бир жигит окко учту. Курман болгон Мухамет Салах коменданттык сааттын киргизилгенине каршылык билдирип, израилдик аскерлерди таш бараңга алган жоон топ өспүрүмдөрдүн арасында болгон. Израилдик аскерлердин өспүрүмдөргө ачкан огунан жети жашар дагы бир бала оор жарадар болгон. Ишенбиге караган түнү Бейит-Ханун шаарынын жанында дагы эки палестин атып өлтүрүлгөн. Ал эми анын аралыгында Палестин автономиясынын башчысы Ясер Арафат менен премьер-министр Ахмед Корейи автономдуу чөлкөмдүн ички иштер министринин кандидатурасы боюнча мунасалуу пикирге келишти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG