Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

Террордук кол салуу коркунучуна байланыштуу АКШ Сауд Арабиядагы мекемелерин убактылуу жапты


Эр-РИЯД. Террордук кол салуу коркунучуна байланыштуу АКШнын Сауд Арабиядагы мекемелери бүгүн жабылды. Американын Эр-Рияддагы элчилиги террорчулар мурдатан пландаштырган чабуулдарын ишке ашырганга камынып калышканын тастыктаган кабарлар келип жатканын айтат. АКШнын Мамдепартаментинин өкүлү Ричард Баучер Сауд Арабияда жүргөн америкалык жарандарды өтө этият болууга чакырды:
- Элчилик баардык америкалык жарандарды аларды душмандык маанай менен кабыл алчу жерлерде өтө этият болгонго чакырат.
Мунайга бай падышалыкта 35 миңден ашуун америкалык жаран жашайт. АКШнын ички коопсуздук кызматы "ал-Кайыданын" террорчулары жүк ташуучу учактарды айдай качып, Американын мекемелери менен кеңселерине, анын катарында, ядролук объекттерине кол салганы жатышканын эскертет. Ошону менен катар мекеме Ооганстанда иштеп жаткан америкалык журналисттер барымтага алынышы мүмкүн экенин айтат. Британиянын Бахрейндеги элчилиги бул падышалыкта британ жарандарына кол салуулар болушу мүмкүн экенин эскертти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG