Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:38

«СОРОС-КЫРГЫЗСТАН» ФОНДУНУН ТҮЗҮЛГӨНҮНӨ ОН ЖЫЛ БОЛДУ


Быйыл 10-ноябрдан 13-ноябрга чейин «Сорос-Кыргызстан» фондунун уюшулганынын 10 жылдыгына арналган чоң программадагы көп тармактуу, ар кыл жанрларды камтыган республикалык искусство фестивалы өткөрүлөт. «Сорос-Кыргызстан» фонду уюшулгандан бери кыргыздын элдик жана профессионалдык өнөрүнүн өнүгүшүнө 1 млн. 280 миң доллар сарптаган. Мааракеге карата «Сорос-Кыргызстан» фондунун искусство жана маданият программасынын координатору Алмакан Найзабекова айрым суроолорубузга жооп берди.

- Алмакан айым, 1995-жылдан бери «Сорос-Кыргызстан» фондунда искусство жана маданият программасын жетектеп келе жатасыз. Ошондон бери кыргыздын элдик жана профессионалдык искусствосунун өнүгүшүн колдоо боюнча кандай долбоорлор, программалар жүзөгө ашырылды?

- 1995-жылдан бери «Сорос-Кыргызстан» фонду искусство жана маданият боюнча программасын өнүктүрүп келатат. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар менен бирдикте бир топ орчундуу долбоорлорду ишке ашырдык. Жалпы суммада 1 млн. 280 миң доллар искусство жана маданият тарабына жумшалды. «Сорос» фондунун негизги багыты ачык коом түзүү болгон соң, бардык маданият мекемелерине жана интеллигенция өкүлдөрүнө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Башкача айтканда, ар бир долбоор жана ар бир сунуш эксперттердин баасынан өткөн жана каржыланган соң узак мөөнөткө чейин ага байкоо жүргүзүлгөн. Эң башында «Сорос-Кыргызстан» фонду билим берүү программаларына өзгөчө көңүл бөлүп, окуу жана тарых китептерин басып чыгарган. Бул иш-чара мектептерге, жогорку окуу жайларына жана китепканаларга чоң салым кошту. Азыркы учурда фонд экономика, укук жана коомдук администрация программаларын өнүктүрүүдө. «Искусство жана маданият» программасы артыкчылыктуу болбогону менен, көп жетишкендиктерге ээ болду. Көркөм көргөзмөлөр, эл аралык музыка, театр фестивалдары өткөрүлдү. Музейлер, театр жамааттары, консерватория, музыкалык мектептер, адабий коомдор фонддун гранттарына көптөгөн кызыктуу долбоорлорду ишке ашырышты. Айта кетсек, «Нооруз фестивалы» 3 жыл бою фонддун жардамы менен өткөрүлгөн. Фонддун салымы текке кеткен жок деп ойлойм. Анткени акыркы жылдарда искусство жана маданият кызматкерлери абдан жанданып иштеп жатышат. Жаңы ойлор, пикирлер, өзгөчө мамлекеттик эмес маданий уюмдар арасында жаралып жатат. «Сорос» фонду көбүнчө өзү демилге көтөрүп, кызыктуу долбоорлорду жүзөгө ашырды. Мисалы, «Искусство» программасынын чегинде «Мөлтүр булак» жаштар фестивалы бир нече жылдар бою өткөрүлгөн. Андан соң «Курак» искусство фестивалы өткөн, «Жибек жол кайрыктары» аттуу эл аралык музыкалык фестивалга 20 мамлекет катышкан. 1998-жыл «Искусство» кабар борбору түзүлүп, жергиликтүү искусство адамдарына чоң жардам көрсөтүлгөн. Алсак, консультация, семинарлар, көргөзмөлөр жана пикир алмашуулар өткөрүлдү. Быйыл май айында Борбор Азия искусство академиясынын фонду уюшулду. Эң негизги максатыбыз - региондо искусство аркылуу экономикага жана саясий стабилдүүлүккө жетишүү, Улуу жибек жолунда байыркы замандардан бери калган маданий байланыштарды улантуу. Алдыда көп максаттарыбыз бар.

- Быйыл 10-ноябрдан 13-ноябрга чейин Бишкекте «Сорос-Кыргызстан» фондунун 10 жылдыгына арналган көп тармактуу, ар кыл жанрды камтыган республикалык искусство фестивалыны болот. Анын программасы менен кыскача тааныштыра кетсеңиз?

- 10-ноябрдан 13-ноябрга чейин фонддун 10 жылдыгына арналган «Курак» искусство фестивалын кайрадан өткөргөнү жатабыз. Төрт күндүк программа музей, театр, кино жана музыкага арналат. Фестивалга көптөгөн чыгармачыл адамдарыбыз катышат. Алардын дээрлик баары - фонддун конкурстарынын жана фестивалдарынын лауреаттары. Маселен, Г. Айтиев атындагы улуттук музейде фотосүрөт көргөзмөсү ачылат. Театрларда спектаклдер өтөт. Алсак, Опера жана балет театрында Леонковалло боюнча «Паяцы» аттуу спектакль көргөзүлөт. Бул спектакль 3 жыл мурун фонддун грантына коюлган. Орус драма театрынын кичи сахнасында «Эдин» аттуу спектаклди түркмөн режиссеру Овлекули Абднакули коет. Башкы ролдорду таланттуу түркмөн актеру Анна Меле жана жубайы, кыргыздын кызы Урматкан Меляева аткарышат. Кино үйүндө фильмдер көрсөтүлүп, талкуулар өтөт. Баса, «Салтанат» аттуу фильмдин көчүрмөсү Орусиянын Мамлекеттик архивинин фондунун жардамы менен алынып келди. Анда актриса Бакен Кыдыкеева тартылган. Фестивалдын жабылышында филармонияда акындар, ырчылар жана бий ансамблдери өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашат.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG