Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:42

ОРУСИЯ МЕНЕН ЕВРОБИРИМДИК ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШУУНУН БАГЫТТАРЫН ТАКТАШТЫ


Төрөкул Дооров, Москва 6-ноябрда Италиянын борбор калаасы Рим шаарында Евробиримдик жана Орусия ортосундагы 12-саммит өттү. Анда Орусия менен Евросоюздун стратегиялык маанидеги карым-катнашы, Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуусу жана эл-аралык проблемаларга тиешелүү суроолор талкууланды.

«Орусия Европа биримдиги менен кызматташууну арттырууга кызыкдар», - деп өз сөзүн баштады Орусия президенти Владимир Путин Римде өткөн Орусия-Евросоюз саммитинде.

Орус президенти бул күнү Еврокомиссиянын жетекчиси Романо Проди, Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелер боюнча комиссары Хавьер Солана жана Италиянын премьер-министри, Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Сильвио Берлускони менен жолугушту.

Саммитте Орусия менен Евробиримдиктин кызматташтыгы төрт негизги багытта өнүгө тургандыгы белгиленди. Булар: жалпы экономикалык мейкиндикти түзүүнү, укук коргоо жана антитеррористтик же жалпы коопсуздук маселесин, ошондой эле илим жана билим берүү жаатындагы кызматташууну камтыйт.

Орусия, биринчи кезекте, Европа биримдигине кирген мамлекеттер менен визасыз эркин каттамдын болуусун жана Орусиянын Дүйнөлүк Соода Уюмуна кошулуусунда Евросоюздун колдоосун күтөт.
Путиндин пикиринде, Орусия менен Италия ортосундагы визасыз каттам боюнча белгилүү деңгээлде түшүнүүчүлүк бар.

Евробиримдиктин саммитинде жана Путиндин италиялык ишкерлер менен болгон жолугушуусунда “ЮКОС” мунай компаниясынын айланасындагы чатак да кепке алынды.
Буга чейин Орусиянын жаратылыш министрлиги “ЮКОСтун” мунай өндүрүү укугун токтотуп салуу ниетин билдирген эле. Бул жаңылык, президент Путин айтымында, ага жаккан жок. В. Путин:

- Анткени, мындай окуянын орун алышы мамлекеттик бир структура камакка алса, экинчиси компаниянын лицензиясын тартып коюуга акысы бар дегендикти түшүндүрүп калат. Бул- мамлекет компаниянын ишмердүүлүгүн токтотууну каалайт дегендикке жатат. Чын чынына келгенде, мамлекет мындай ишти өзүнүн максаты кылып коюшу мүмкүн эмес.

Орус президентинин бул сөзүн айрым аналитиктер Путин “ЮКОСтун” иши боюнча контролду өз колунан чыгарып жиберген деп түкшүмөлдөшүүдө. Алардын айтымдарында, Путин эми “ЮКОСтун” коргоочусу катарында сүйлөп жатат.

Ал эми саммит алдынан Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелер боюнча башкы өкүлү Хавьер Солана “ЮКОСтун” иши тууралуу журналисттерге кеп куруп, Орусия компаниянын буга чейинки жетекчиси Михаил Ходорковскийдин камакка алынуусу тууралуу Европа коомчулугунда пайда болгон күмөн саноону жок кылуусу керек деди.

Негизинен Евробиримдик менен Орусиянын акыркы жылдардагы кызматташтыгын жумурияттын атуулдары жогору баалашты. Өлкөдө атайын жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктарына ылайык, жооп бергендердин 90% жакыны Владимир Путин бийликке келгенден бери Европа биримдиги менен Орусиянын кызматташтыгы жакшырууда деп эсептешет.
XS
SM
MD
LG