Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

ПАУЭЛЛ ЖЕНЕВА КЕЛИШИМИН КОЛДОДУ


Белгилүү жөөт жана палестин коомдук ишмерлери Женевада символикалуу тынчтык келишимине кол коюшту. Бул иштин демилгечилерине жолдогон катында Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл алардын региондогу жаңжалды жайгаруу үчүн жасап жаткан аракеттерин жогору баалады. Бирок Пауэллдин бул каты, Мамлекеттик департаменттин өкүлү ырастагандай, Вашингтондун ырасмий реакциясын билдирбейт. Америкалык администрация мурдагыдай эле “жол картасы” планын Жакынкы чыгышта тынчтыкка жетүүнүн мыкты ыкмасы деп эсептейт.

Женевадагы бейырасмий тынчтык келишимине израил оппозициясынын жоон топ өкүлдөрү демилгечи болуп, аларга кийин палестинадагы белгилүү коомдук жана саясий ишмерлер кошулган. Атап айтканда, жөөт адмиралы Ами Айалон менен палестиналык профессор Сари Ниссейбе Израилди 1967-жылдагы согушта араптардан басып алган аймактардын баарын кайтарып берүүгө чакырышкан. Алардын соңунан ушундай эле маанидеги талкууларды Израилдин мурдагы юстиция министри Йоси Бэйлин менен Палестин автономиясынын мурдагы маалымат министри Ясер Абед Раббо башташты. Акыркы экөөнүн планы боюнча Иордан дарыясынын Батыш жээги менен Газа тилкеси толугу менен келечектеги палестин мамлекетинин амирине берилиши керек, аталган райондордо курулган бардык жөөт маалалары жок кылынууга тийиш. Бейлин менен Раббонун планы эң башкы талаштын чечилишин - Иерусалимдин мусулман мечиттери жайгашкан бөлүгүн палестиналыктардын юрисдикциясына берилишин карайт. Мунун баарына жооп катары автономиянын бийликтери төрт миллиондон ашуун палестин качкындарын Израилге кайтаруу талабынан баш тартууга тийиш жана жөөт мамлекетин ырасмий түрдө таанышы керек.

Бул план өткөн айдын этегинде жарыяланып, аны Израилдин өкмөтү дароо эле четке каккан. Коомдук маанидеги келишимдин эч кандай күчү болбостугун эскертип, жөөттөрдүн юстиция министри Йосеф Лапид Женевадагы сүйлөшүүлөрдү сандырак кеп деп атаган. Эки тараптагы таанымал коомдук ишмерлердин аракеттерин адегенде америкалык бийликтер да байкамаксанга салышкан. Бирок ушул аптанын шейшембисинде Мамлекеттик департаменттин башчысы Колин Пауэлл Женевада жекече сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, акыры бейырасмий маанидеги символикалуу тынчтык келишимине кол койгон Бэйлин менен Раббого кат жолдоп, алардын демилгесине колдоо билдирди. Вашингтон региондогу жаңжалды жөнгө салууда, арийне, ырасмий деңгээлдеги, айрыкча жөөт премьери менен автономиянын лидери ортосундагы сүйлөшүүлөргө, мындан тышкары “жол картасы” планына артыкчылык берет. Ошол эле учурда бул ишке элдик дипломатия жолу менен кол кабыш кылууга аракет кылган коомдук ишмерлердин сүйлөшүүлөрүн артыкбаш иш деп эсептебейт.

Пауэллдин катын комментариялап, региондо ар түрдүү мезгилде арачылык милдетин аркалашкан экс-дипломаттар, алардын ичинде Денис Росс америкалык мамлекеттик катчы альтернативдүү коомдук сүйлөшүүлөргө колдоо билдирип, ошол эле учурда ырасмий деңгээлдеги дипломатияны жандантканга да шыкак берүүнү көздөп жатканын белгиледи. Пауэллдин каты,дипломаттардын айтымында, Вашингтон израил премьери Шаронго багытталган ишаара болду.

Израил менен автономиянын ортосундагы карым-катнаштар соңку мезгилде дээрлик токтоп калды. Буга бир жагынан палестин өкмөтүндөгү кризис себепчи болду. Кабинеттин составы боюнча Ясер Арафат менен жаңы премьер Ахмед Корейинин пикири келишпей, акыры ишемби күнү алар өз ара мунасага келишти. Натыйжада коопсуздук күчтөрүнө контролдук кылуу милдети премьерге бериле турган болду. Мындан тышкары ички иштер министрлиги менен улуттук коопсуздук кеңешинин мандаттары такталды. Эми кабинеттин толук составы парламентке бекитүүгө берилет. Кошмо Штаттары менен Израил да палестин өкмөтүндө коопсуздук структуралары премьер-министрдин тескөөсүнө берилишин талап кылышкан эле.

Бул учурда региондо кагылыштар уланууда. Соңку күндөрү жөөт аскерлеринин колунан Женинде, Бейт-Ханун калаасында үч палестин тургуну мерт болду.

XS
SM
MD
LG