Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

Ооганстандын провинция башчыларынын биринин үйүндө бомба жарылды


Аралыктан башкарылган бомба өлкөнүн түштүгүндөгү Забул провинциясынын губернаторунун үйүндө жарылган. Турак –жайга зыян келтирилгени менен эч ким жабырланган жок. Губернатордун орун басары Маулви Мохаммед Умирдин айтымында, аталган окуядан он мүнөттөн соң эле өкмөттүк аскерлердин провинциянын борборундагы кеңсесинде да жарылуу болгон. Жергиликтүү бийликтер бул Талибан согушкерлеринин колунан келген иш деп эсептешет. Ал эми жума күнү Забул провинциясында мина тазалоо менен алектенип, БУУ тарабынан каржыланган жергиликтүү уюмдун кеңсесине белгисиз адамдар кол салышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG