Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Палестин автономиясынын башчысы жана премьер-министри жаңы өкмөттүн курамы боюнча мунасага жетишти


Бирок автономиянын күч структураларын көзөмөлдөө укугу дагы деле Ясир Арафаттын колунда калчыдай. Премьер- министр Ахмед Кореинин айтымында, маселен ички иштер министрлигин ал көргөзгөн талапкер Нассер Юсеф эмес, Арафат сунуш кылган Хакам Балави башкарат. Калган беш коопсуздук кызматынын иши да Арафат өзү жетектеген Улуттук кеңеш тарабынан көзөмөлдөнмөкчү. Жөөт өкмөтүнүн өкүлү Раанан Гиссин Израил палестин өкмөтүнүн ишин алар "Жол картасы"тынчтык планын кандай аткарарына жараша бааларын белгиледи:
- Палестинанын калган өкмөттөрүндөй эле бул өкмөт да ишине жараша сыналат жана бааланат. Ал "Жол картасы" тынчтык планына ылайык алган милдеттемелерин аягына чыгарышы, террорчул уюмдарды жоюуп, террорчулукту токтотуп, террорчуларды камакка алышы керек.

Палестин өкмөтүнүн жаңы курамын автономия парламенти алдыдагы шаршембиде караары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG