Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Коммунисттик партиянын лидери Бишкек шаардык сотунун президиумуна апелляциялык арыз менен кайрылды


БИШКЕК. Кыргызстан коммунисттик партиясынын жетекчиси Клара Ажыбекова өкмөттүн ««Алатоо» аянтын реконструкциялоо жөнүндөгү» токтомунун мыйзамсыздыгы тууралуу апелляциялык арызын Бишкек шаардык сотунун президиумуна жолдоду. Бул тууралуу К. Ажыбекова «Азаттыкка» бүгүн маалымдады. Буга чейин, 1-октябрда К. Ажыбекованын доо арызы Бишкек шаардык сотунда каралып, бирок канааттандырылган эмес. Арыз ээси анда премьер-министр Николай Танаевди жана өкмөт мүчөлөрүн Бишкектин «Алатоо» аянтындагы В. Лениндин эстелиги тууралуу мыйзамды бузганы үчүн сот жообуна тартууну жана аларды 1 млн. сом айыпка жыгууну соттон өтүнгөн.
Өкмөттүн быйыл 11-августта кабыл алынган токтомунун негизинде 16-августта В. Лениндин эстелиги «Алатоо» аянтынын борборунан кыргыз парламентинин маңдайындагы аянтчага которулган. Ал эми 7-ноябрда Лениндин эстелиги жаңы аянтчада расмий түрдө ачылды. 2000-жылдын 22-майында «Бишкек шаарынын «Алатоо» аянтындагы В. И. Лениндин эстелиги жөнүндөгү» мыйзам кабыл алынган. Анда өлкөдөгү тарыхый мурас катары ал мамлекет тарабынан коргоого алынган эстеликтердин тизмесине киргизилген.


Кабарлар топтомун Бишкектен дяардаган Азиза Турдуева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG