Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:22

ЕККУнун Венадагы жыйынында Кыргызстандын укук коргоочулары Аксы окуясы тууралуу маселе көтөрүп чыгышты


БИШКЕК. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна (ЕККУ) мүчө болгон өлкөлөрдө кыйноолор орун алууда. Мындай абал өзгөчө Түркмөнстанда, Азербайжанда, Грузияда, Өзбекстанда, Орусияда жана Кыргызстанда байкалууда. Кыйноолордун алдын алуу маселелери боюнча 6-7-ноябрда Венада өткөн жыйында ушундай пикирлер айтылды. Ал тууралуу жыйынга катышкандар - өзүн Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин төрагасы катары эсептеген Рамазан Дырылдаев, «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова жана «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова - маалымат таратышты. Алардын билдиргенине караганда, жыйында Р.Дырылдаев менен А.Абдрасулова Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү жазага тартылбай жатышканын жана ЕККУ буга карата кайдыгер мамиледе болбошу керектигин белгилешти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG