Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

САУД АРАВИЯСЫНЫН БОРБОР КАЛААСЫНДАГЫ ЖАРДЫРУУ


Аманбек Дилденбай, Прага Ишембиден жекшембиге караган түнү Сауд Аравиясынын борбор калаасы Эр-Рияданын чет өлкөлүктөр жашаган батыш районунда үч катуу жардыруу болду. Жардыруудан курман болгондор жана жараат алгандар бар. Айрым байкоочулар сауд бийлиги менен ислам согушчандарынын ортосундагы каршылашуу кийинки мезгилде курчуп баратканын белгилешүүдө.

Ишемби күнү кечки саат 9 чамасында Сауд Аравиясынын баш калаасы Эр-Рияданын батыш бөлүгүндөгү Сауд падышасынын айрым хан сарайы жайгашкан жана чет өлкөлүк адистер жашаган “Мухайа” районунда террорист жан кечти автоунаада өзүн-өзү жардырган. Окуяга күбө болгон айрым адамдардын айтымында, жардыруудан 30га жакын адам набыт болуп, 100гө жакын адам жараат алды деген божомолдор бар. Он чакты турак жай талкаланды. Жардыруудан жараат алып ооруканага жекирилген Ливандык аял буларга токтолду:

- Жардыруу болгон жерде көпчүлүгү чет өлкөлүктөр жашайт. Алардын төрттөн үчү арабдар. Ал эми анын ичиндеги төрттөн үчү Ливандыктар. Мен чынында эле кол салуунун жана чабуулчулардын максатын түшүбөдүм.

Бул терактты “ал-Кайиданын” мүчөсү уюштурган деген пикирлер айтылууда. АКШ менен Британиянын элчиликтери “Мухайа” районуна жакын жерде жайгашкан. Рейтер агенттигинин билдиришинче бир америкалык атуул жараат алып, бирөө дайынсыз жок. Ал эми Франс пресс агенттигинин маалымдашынча араб улутундагы үч америкалык жана үч канадалык атуул да жараат алган. Ошондой эле Британиянын Тышкы иштер министрлиги эки атуулунун дайынсыз жок болгонун маалымдоодо. “Мунайа” комплексиндеги 200дөй менчик турак жайдын төртөөндө гана Батыштык жарандар британдык эки, германиялык бир жана италиялык бир үй-бүлө жашаган. Сауд Аравиясынын Лондондогу элчиси Турки ал-Файсалдын айтымында: “бул каргашалуу кол салуу өлкөдөгү падышалыкты жок кылууну көздөйт.” Кезектеги жан кечтинин жардыруусу сауд бийлиги менен ислам согушчандарынын ортосундагы кармаштын күчөп бараткандыгын далилдейт. Жарым жыл мурда Сауд Аравиясы өлкөнүн аймагында террористтер жок деп ырастаганы менен, май айында эки катуу жардыруу болуп, 35 адам набыт болгон. Мына ошондон кийин гана бийлик кылмышкерлерге каршы чечкиндүү аракеттене баштаган.

Сауд Аравиясынын мамлекеттик телесынагында көргөзүлгөн журналисттин телерепортажында:
- Бул террористтердин түн жамынып иштеген иши ыйык орозо айында биздин өлкөгө жасаган террористтик аракеттин бир бөлүгү. Мусулмандардын аздектеген ыйык нерсесине, алардын коопсуздугуна, тынчтыгына коркунуч туудурган бул каргашалуу жамандык исламды жамынган адамдар тарабынан жасалды.

Айрым аналитиктер террористтер өлкөдөгү чет элдиктерди эле эмес падышачылыкты да жок кылууга далалат кылып умтулушууда деген божомолун айтууда. Ислам согушчандары тарабынан түзүлгөн коркунучтуу жагдай, Сауд Аравиясындагы династиялык башкарууну саясий реформалоого түрткү болот. Жергиликтүү бийлик ислам согушчандары менен кармашууда жеңишке эгедер болоорун билдиришкен. Бирок Сауд Аравиясындагы чет элдик адистердин жана жумушчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселеси опурталдуу бойдон калууда. Ал эми АКШ менен Британия сауд падышачылыгынын үй-бүлөсүнүн бийликти сактоого, атуулдарынын коопсуздугун камсыз кылууга дөөлөтү, күчү жетеби же аны жихад тарапка алдырып жиберип Батыш менен кандуу кагылышка барабы деген суроого жүйөлүү жооп издөөдө.

Жакынкы Чыгышта Сауд аравиясы бирден бир бай өлкөлөрдүн бири. Өлкөдө мунай кендеринин бай запастары бар. Эгер тарых барактарына кайрылып көрсөк.18-кылымда бийлик жүргүзгөн Саудиттер династиясынын тушунда бул чөлкөм Сауд Аравиясы деп аталган. Ал жерде Мухамед пайгамбардын мекени жана ислам дининин бешиги Хиджаз жайгашкан. 1932–жылы падыша Абдул Азис Хашимит династиясынан Хиджасты күч менен тартып алып, эки династияны бириктирип Сауд Аравия мамлекетин негиздеген. Падыша Абдул Азис 1953-жылы оо дүйнөгө сапар салган соң өлкөнү анын мураскор баласы Халид Абдул Азис башкарып калат. Учурдагы падыша Фахт бен Абдул Азиз ал Сауд 1986-жылы такка келген. БУУнун 2003-жылдагы маалыматы боюнча Сауд Аравиясында 24,2 миллион адам жашайт. Өлкөнүн жылдык кирешеси бир жанга 8460 долларды түзөт.
XS
SM
MD
LG