Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:41

Францияда борбор азиялык фестиваль соңуна чыкты


7-8-ноябрь күндөрү Париждин атактуу Одеон театрында өткөн концерттерге Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Ирандан жана Ооганстандан 20 шайыр катышты.
"Кабул аркылуу – Чек арасыз музыка" деп аталган концертти Ага Хандын маданият кору каржылады. Кордун Борбор Азия боюнча улук кеңешчиси Теодор Левиндин бүгүн "Азаттыкка" билдиришинче, Кыргызстандан келген көлдүк комузчу Зайнидин Курманалиевдин оогандык балучи шайырлары менен төкмөлөп ырдаган ырларын көрүүчүлөр айрыкча жылуу кабыл алышты.
Фестиваль Борбор Азия менен Түштүк Азиянын, отурукташкан элдер менен көчмөндөр ортосундагы Бабурдун доорунан берки тарыхый тыгыз маданий байланыштарды даңазалоо максатын көздөдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG