Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Вице-премьер-министр Ж.Оторбаев Жапонияга иш сапары менен кетти


БИШКЕК. Бүгүн вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Жапонияга жөнөп кетти. Ал Токио шаарында болуучу инвестициялык форумга жана Инвестициялар боюнча консультативдик кеңештин жыйынына катышат. Бул жыйындарды Эл аралык соода палатасы, БУУнун соода жана өнүгүү конференциясы жана Жапониянын Эл аралык кызматташтык банкы уюштурууда. Жыйындарда Азиянын жаңыдан өнүгүп келаткан мамлекеттерине инвестицияларды алып келүүнүн жолдору талкууланат. Жыйынга чейин Ж. Оторбаев Жапониянын Тышкы иштер министрлигинин Европа жана Борбор Азия боюнча департаментинин башчысы Мичи, КМШ мамлекеттери боюнча департаментинин башчысы Ямамото жана башка жетекчилер менен жолугушат. Бул жолугушууларда президент А. Акаевдин Жапонияга 2004-жылга белгиленген иш сапары, Кыргызстандын Жапониядагы элчилигин жакын арада ачуу сыңары маселелер талкууланат. Мындан тышкары, Ж. Оторбаев Кыргыз-жапон экономикалык кеңешинин Жапония тараптагы теңтөрагасы Акияма жана Жапониянын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин директорунун орун басары Хатакэнака менен жолугушат.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG