Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Грузия президенти Аджар Автоном Республикасына барды


Грузия президенти Эдуард Шеварднадзе Аджар Автоном Республикасынын лидери Аслан Абашидзе менен жолугушуп өлкөдөгү саясий кризисти талкуулады. Алдын ала алган маалыматтарга караганда дем алыш күнкү шайлоодо Абашидзенин Кайра жаралуу партиясы Шеварднадзечил Жаңы Грузия коалициясы блогунан кийинки экинчи орунду ээлеген. Бирок башка оппозициялык топтор шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда. Абашидзе кездешүүдө Шеварднадзени өз опоненттеринин талабына моюн сунбоого чакырды.Бүгүн Аджариянын борбору Батумиде Кайра жаралуу партиясынын жактоочулары Шеварднадзени колдоп демонстрацияга чыгышты.Тбилисиде болсо Intro Georgiaоппозициянын өкүлдөрү парламенттин алдында пикет өткөрүшүп Шеварднадзенин отставкага кетишин талап кылууда.

XS
SM
MD
LG