Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

ИШЕНБАЙ АБДРАЗАКОВ: «АЗЫРКЫ САЯСАТТЫН МҮЧҮЛҮШТҮКТӨРҮН ОҢДОЙ ТУРГАН УБАКЫТ КЕЛДИ»


Коомдук жана саясий ишмер Ишенбай Абдразаковдун өлкөдөгү саясат жана саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер тууралуу биз менен ой бөлүштү.

- Ишенбай ага, шайлоо өнөктүктөрүнө камылгалар акырындап көрүлө баштаганын эске алганда, бийлик башчыларынын, саясатчылардын сыноого түшөр кези чукулдап келатат. Бүгүн алардын жагдайы кандай көрүнөт? Баамдаган жагдайларыңыз болсо бөлүшсөңүз?

- Социологдордун иликтөөлөрүнө караганда, бийликтин да баркы төмөн, парламенттин да баркы төмөн, саясий партиялардыкы да төмөн болуп атат. Анын себеби деле көрүнүп турат. Жалпы элдин турмушуна, экономикалык ахыбалга алардын кошкон жетиштүү салымы жок болуп атпайбы. Мына жергиликтүү бийлик органдарына шайлоолор өтүп атат. Кээ бир жерлерде дагы болот. Мындан кийин депутаттарды шайлоо башталат. Андан кийин чоң аламан байгеге түшөбүз. Ошого чейин биринчиден, булар Шайлоо кодексин кайрадан иштеп чыгып, азыркы демократиянын принциптерине ылайыктап кайрадан түзүп, элдин алдында үгүт-насыят жүргүзүшү керек. Көпчүлүк учурда эл өзү күнөөкөр болуп калган учурлар да болуп атпайбы. Себеби, алар кандай шайласа, кандай добуш берсе, ошого жараша парламентибиз, президентибиз болот.

- Азыр саясатчылар өздөрү деле, коомчулук дагы “саясий партиялар, болгондо да үндөш партиялар көп” деп кине коюп жүрүшөт. Азыр алар 40тан ашык экен. Сиздин оюңузча, биригүүгө эмне жолтоо болуп атат?

- Биздин кыргыз элибиздин өзгөчөлүгү ушунда да - лидер болуп алган адам аягына чейин лидер болгусу келет. «Биригели» деген логика деле, зарылчылык деле турат. Маселен, «Төртөөбүз биригели» десе, «Кимибиз жетекчи болобуз?» дегенге келип атпайбы. Ошондо баары эле «мен болом» дешет. Ошондуктан, саясаттын башкы максаты эл үчүн болгондуктан, булар бири-бирине жол берүүгө үйрөнүшү керек. «Кой, мен кое турайын, азыр сен башкар» дегендей бир аң-сезимге келишсе, ошондо жеңилирээк болот эле. Биз ошого келе албай атпайбызбы, азыр.

- Партиялык системаны азыр сындабаган киши аз. Айрыкча оппозициялык партияларга бийлик кескин дооматтарды коюп келет. Партиянын дүйнөлүк стандартта өнүгүшү үчүн эмне керек жана канча убакыт талап кылынат?

- Көп учурда биздин Орто Азия чөлкөмүнө абдан мүнөздүү болуп атат: бийликке, азыркы саясатка башкача пикир айткандын баары эле туура эмес, «бул коомдук стабилдүүлүктү бузат» деп, ушундай пикирлер көп. Чындыгында өзүнүн өлкөсүнө, өзүнүн элине каршы иштегиси келген бир да партия болбойт, болушу да мүмкүн эмес. Алар кээ бирлери тажрыйбасы болбогондуктан, туура эмес пикирлерди айтышы да мүмкүн. Бирок аны турмуш өзү оңдоп таштайт да. Ошолорго да кечиримдүү болуш керек. Калыстык менен мамиле кылса, партиялык турмуш дагы жакын эле арада, бир төрт-беш жыл ичинде азыркыга караганда жакшырып кетет деп мен ишенем.

- Азыр эми шайлоо өнөктүктөрү утурлап келатат. Партиялардын кудурети канчалык? Теңата ат салышаар партиялардын аттарын атай аласызбы?

- Эми партиялар жаңыдан баш көтөрүп келатышат. Бирок менин оюмча, мында шайлоонун көпчүлүгү партиялык программага эмес, жеке адамга ылайыкталып атат. Эгерде 3-4 партия болсо, ошол партиялардын программасын, максатын эл жакшы билип, «ушу киши лидер катары чыгып атыптыр» десе, анда бир жөн. Бул эми келечекте да. Азыр биз ага жете элекпиз. Азыр Асанов, Үсөнов, тиги-бу дегендердин эле тегерегинде болот, күрөш. Экинчиден, эмки келечектеги шайлоонун 2-3 гана чоң, чечүүчү факторлору болушу мүмкүн. Биринчиден, финансы. Финансы болсо, пиар болот. Ошондуктан, элге да ушуну эскертип коюш керек. Муну айтып аткан себебим - колунда финансысы бардын баары эле абийирдүү, акылдуу, билимдүү деп айтыш кыйын да. Ошол эле убакта «эл үчүн кызмат кылып берсем» деген кишилер бар, мына ошолордун колунда финансы жок. Алар четте калып атат. Азыркы заманда ушундай диспропорция бар да. Эми биз муну өзгөртүп жибере албайбыз. Биздин колубуздан келбей турган нерсе. Бирок, эл муну билиши керек.

- Мисалы, жеке инсандык таасирди эске алганда, сиз мүчө болгон «Акыйкат жана прогресс» партиясын жетектеген мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев же «Биримдикти» баштаган мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев өңдүү, калкка таанылып калган инсандардын келерки саясий күрөштө утушка жетээрине ишенесизби?

- Белгилүү кишилер көп. Иманалиев, ошол эле Муралиев. Бирок «булар элдин ичинде өзүнүн жүзүн ачып бере алабы, бере албайбы» дегенге келип атпайбызбы. Экөө тең эле көп пайдалуу иштерди жасап кеткенге толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Мен башкаларды кемсинтким келбейт. Бирок булар алардан бир даража жогору турган адамдардын катарына кирет. Бул экөө эле эмес, эсептеп көрсөм, татыктуу 5-6 адам бар экен, ошолор - татыктуу адамдар. Толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок алардын шайлоо өнөктүктөрү убагында кандай болот? Жана мен айтып атпаймынбы, элдин башы айланып калып атпайбы. Партиялык коалиция түзүлүп, төрт-беш партия бир блок болсо, ошонун ичинен лидерлери чыкса, ошондо аттын кашкасындай болуп, эл көрөт. 5 кишинин ичинен бирөөнү көрөт да. 45 кишинин ичинде кандай болот?

- Бирок, жакында төрт партия бирикпедиби? «Алга Кыргызстан» жөнүндө айтып атам. Муну Кыргызстанда партиялардын бириге башташы катары кароого болобу?

- Эми ачыгын айтканда, бул биригүүнүн ары жагында администрациянын, бийликтин аракети турат да. Булар туура кылып атышат. Бийликти кармап калам десең, бирик. Кичинекей партиялар ар кандай максат менен биригип атышат да. Биринчиден, ошондогу турган адамдар сөзсүз эле «лидер болом» дегендер эмес. Аларды алга жиберип ийип, артында турган кишилер бар. Экинчиден, коммерциялык тутумдардагы бизнесмендер бар. Эгерде башкалар ошолордун бириккенин көрүп, «кой, биз деле биригели» деген пикирге келишсе, ошонун тегерегинде акырындан блок, коалиция пайда болушу мүмкүн.

- Азыркы саясий маанайга кандай баа бересиз?

- Саясий маанай мындай: албетте, турмуш акырындан-акырындан оңолуп келатат. Бирок, ошол эле убакта азыркы саясаттын мүчүлүштүктөрү аябай көп. Ошону оңдой турган убакыт келди. Азыркы саясатты өзгөртүш керек. Өзгөртүш үчүн бизде кадр барбы? Эл болгондон кийин болбой койбойт. Мисалы, «бир эле киши бизди башкара алат» дегендин өзү элди кемсинтүү болот. Канчалык кичинекей болбосун, элден чыгат. Дароо эле шумкар болуп чыкпайт экен да. Турмуш өзү таптайт. Мисалы, «сизден башка адам бизди башкара албайт» деген психология менен жүрө берсек, анда эч нерсе өзгөрбөйт.

- Маегиңиз үчүн рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG