Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:15

БИШКЕКТЕ ТЕҢИРЧИЛИК МАСЕЛЕСИНЕ АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ ЖЫЙЫН БАШТАЛДЫ


Азиза Турдуева, Бишкек Бүгүн Бишкекте «Теңирчилик - Алтай элдеринин дүйнөтаанымы» аттуу эл аралык илимий конференция өз ишин баштады. Жыйында теңирчиликтин пайда болушуна, анын генезисине байланыштуу маселелер талкууланууда.

Теңирчилик ишенимине арналган эл аралык конференция былтыр түзүлгөн «Теңир ордо» коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Агы Даниянын, Жапониянын, Казакстандын жана Кыргызстандын окумуштуу философтору, тарыхчылары, этнологдору катышууда. Жыйында «Теңир ордо» фондунун төрагасы Дастан Сарыгулов теңирчиликтин пайда болгон мезгилине жана таралган аймактарына төмөнкүчө токтолду:

- Алтай элдери Алтайдан таралганга чейин теңирчилик түптөлгөн экен. Алтайдан тараган элдер өздөрү менен кошо теңирчиликти дүйнө жүзүнө, анын ичинде Австралияга, Жапонияга, Кореяга, Борбордук, Батыш Азияга чейин, ошондой эле Түндүк Америкага чейин алып кетишкен. Окумуштуулар бүгүн бир пикирде – «эң эле эрте дегенде теңирчилик биздин доорго чейин 5 миң жыл мурун түптөлгөн» деп жатышат. Ошондой, тээ 8-9 миң жыл мурда теңирчилик түптөлгөндүгү бүгүн талашсыз болуп калды. Теңирчилик - бул биздин рухий тамыр, биздин гана эмес, дүйнөлүк диндердин рухий тамыры.

Жазуучу Чоюн Өмүралиев жыйында Батыштын философиясындагы индувидуализмди, өзгөчө Батыштын дүйнөтаанымындагы «карама-каршылык өнүгүүнүн негизин түзөт» деген түшүнүктү сынга алды. Анын айтымында, коом карама-каршылыктын эмес, биримдиктин негизинде өнүгөт жана теңирчилик дүйнө элин сактап кала турган рухий кудуретке ээ.

- Чын-чынына келгенде дүйнө, коом карама-каршылыктын эмес, адамзаттын биригүүсүнүн, баш кошуусунун, гумандуулуктун негизинде өнүгөт. Теңирчилик болсо дал ушундай нерселерди бийик коюп келген. Мына ушундай дүйнөтааным гана адамзатты XXI кылымда сактап калганга кудуреттүү. Бул кудуретке теңирчилик ээ. Теңирчилик - түгөйлүү түшүнүк. Теңирчилик Батыш элдерине да, Чыгыш элдерине да алымдуу, - дейт Чоюн Өмүралиев.

Мындай бүтүм жыйындын бир топ катышуучулары тарабынан колго алынды. Жыйынга катышкан Жапониянын Осака университетинин профессору Такаси Осава болсо, «теңирчилик - жапон элинде мурдатан колдонулуп келген ишенимдердин бири» деп маалымдады.

- Жапонияда байыртадан бери эле теңирчиликке ишеним бар. Маселен, жапон императору мурда «теньо» деп аталган. Жапондор бул ишенимди дайыма колдонуп келишкен десек болот. Теңирчиликтин жакшы жактарынын бири – сыйынуучулук. Бирок, Жапонияда теңирчиликке каршы чыккандар да бар. Соңку жылдары Жапонияда теңирчиликке кызыккандар арбып баратат. Көптөгөн жапон илимпоздору теңирчилик боюнча илимий иликтөөлөрдү жүргүзүп келишет. Маселен, мен өзүм орхон-енисей жазмаларындагы теңирчилик тууралуу илимий иликтөөлөр менен алектенүүдөмүн, - дейт окумуштуу түрколог Такаши Осава.

Ал эми даниялык окумуштуу Вольфганг Чарлипп «Батыш илиминдеги эски түрк ишенимдери» деген темада доклад менен чыгып сүйлөдү.

- Европада теңирчиликти көпчүлүк түшүнө бербейт. Теңирчилик европалыктар үчүн татаал түшүнүк. Жалпысынан айтканда, көпчүлүгүнүн бул жөнүндө деги эле түшүнүгү жок. Европалыктар теңирчиликти түрк дүйнөсүнүн тарыхы, түрк элдеринин тарыхы боюнча илимий эмгектер аркылуу гана билишет. Бирок соңку жылдары Батыштын илимий чөйрөсүндө теңирчиликке кызыгуу көбөйүп баратат, - дейт Вольфганг Чарлипп.

Жыйында «Теңир ордо» фондунун төрагасы бүгүнкү күндө ар кандай секталар кыргыздардын арасында жайылып баратканын коркунуч катары баалады.

- Биз бүгүн ар кандай диний секталар кыргыз кыздарынын, уулдарынын дилин бузуп жатканына күбө болуп жатабыз. Жаш муундун дилине аңчылык жасалып жатат. Эгерде биз ар кандай диндерге кирип кетсек, анда биз бирөөлөрдүн рухий кулуна айланабыз. Ушул коркунуч бүгүн жакындап калды, - деген оюн айтты Дастан Сарыгулов.

Чоюн Өмүралиев белгилегендей, учурда Кыргызстанда теңирчилик жөнүндө түшүнүк өтө эле чектелүү болуп жатат жана көпчүлүк теңирчиликти исламга каршы дүйнөтааным катары карап жүрөт.

- Бүгүнкү күндө теңирчилик жөнүндө жалпы калайыкты эмес, интеллигенцияны эле алып караганда, негизинен эле өтө примитивдүү гана түшүнүк бар. Биз теңирчилик деп асманды, асманга, отко сыйынганды түшүнөбүз. Ары кете албайбыз. Ал эми бул чоң философиялык система экендиги жөнүндө түшүнүк жок. Айрымдар муну исламга каршы секта катары түшүнүп жүрүшөт. Бирок теңирчиликти эч качан исламга карама-каршы коюп болбойт. Теңирчилик канча миң жылдардан бери жашап келатат. Ал эми ислам акыркы миң жылдыкта гана пайда болду, - -дейт Чоюн Өмүралиев.

Жыйында маалымдалгандай, теңирчиликтин пайда болушу, ал жөнүндөгү түшүнүктүн генезиси, гносеологиясы, метафизикасы жакынкы жылдары көптөгөн илимий конференциялардын жана илимий изилдөөлөрдүн объектисине айланышы ыктымал. «Теңирчилик - Алтай элдеринин дүйнөтаанымы» аттуу үч күндүк эл аралык илимий конференция 11-ноябрда өз ишин улантат.
XS
SM
MD
LG