Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:13

БАЛДАРДЫН УКУКТАРЫН КИМ КОРГОЙТ?


10-ноябрда Бишкекте Кыргызстандагы Балдар уюмдарынын ассоциациясынын мүчөлөрү Балдар кодексинин долбоорун талкуулашты. Өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоого багытталган документ Юстиция министрлиги тарабынан иштелип чыгып, ушу тапта жер-жерлерде талкууга алынууда. Балдар деле чоң кишилер сындуу конституциялык укукка ээ экендигин ырастап, алардын укуктарын коргоо милдетин аныктаган документ кызуу талаш-тартыштарды жаратты.

Балдар кодексинин долбоорунун ыкластуу талкуучулары өспүрүмдөрдүн өзү экенин Кыргызстандагы балдар уюмдарынын “Манас жаштары” аттуу ассоциациясы менен Билим берүү жана маданият министрлиги дүйшөмбүдө биргелешип уюштурган жыйын айкындады. Панфилов районундагы Алыкул Осмонов атындагы орто мектептин бул жыйынга катышкан мугалими Тимира Жүзүмалиева Балдар кодекси зарыл деп эсептейт.

- Менин оюмча, бул кодекс балдар үчүн абдан керектүү, - дейт Тимира Жүзүмалиева. – Себеби, биз мурда чоңдордун кызыкчылыгын гана ойлоп, балдардын укуктарын экинчи орунга калтырып келгенбиз. Бирок, кичине болсо да, айылда жашаса да, мектепте окуса да, кичинекей баланын укуктары бар. Ошол укуктарын ар бир адам өзүнчө пайдалана билиши керек. Мындай укуктарды биздин балдар, өзгөчө кыргыз балдар жакшы пайдалана алышпайт. Анткени бирөөдөн тил угуп калса, жаман мамилеге туш болсо алар өздөрүн коргой албай калышат. Мына ушул нерсени биз балдарга жайылтып, укугун түшүндүрүшүбүз керек. Балдар кодекси ар бир балага жеткиликтүү түшүндүрүлө элек.

Балдар уюмдарынын ассоциациясынын теңтөрагасы Виталий Цой жыйындын максатын мындайча түшүндүрдү:

- Жыйындын максаты - балдарды кодекстин талкуусуна катыштыруу. Анткени балдардын укуктарын коргоочу кодекс эң негизги мыйзам болуп эсептелет. Балдар өз тагдыры чечилип аткан документке өз пикирин билдириши керек. Долбоордун эмнеси керек, эмнеси керек эместигин балдар өздөрү чечкени оң.

Балдар уюмдарынын ассоциациясынын мүчөсү Асел Дүйшөналиева “жаңы муундун атуулдук сезимин жашынан ойготуу зарыл” деп эсептейт.

- Долбоордун талкуусуна балдардын өзүн катыштырып, алардын ой-пикирин угуу менен алардын атуулдук сезимин ойготуп, коомдогу ордун аныктайбыз деп ойлойм. Бул жерде ар бир бала өз оюн айтып, сунушун тартынбай киргизе алат, - дейт Асел Дүйшөналиева.

Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти, Балдар уюмдарынын ассоциациясынын кеңешчиси Асел Жаманкулова “коомдук турмушта ишенбестик күчтүү, ошондуктан балдар эмитен укук-милдеттерин билиши абзел” деген пикирде.

- Чынын айтканда, азыр жөнжай турмушта ишенбестик күчтүү. Ошондон укуктук нигилизм арбын кездешет. Бул тынчсыздандыра турган жагдай. Биз укуктук өлкө болгубуз келет. Андай болгондо баарынан мыйзам бийик турушу керек. Ошол себептүү балдар өзүнүн укуктары менен милдеттерин билиши зарыл, - дейт Асел Жаманкулова.

Кыргызстан Балдардын укуктары тууралуу эл аралык конвенцияга кол койгон. Жаңы муундун укук-милдеттерин аныктаган бир топ мыйзамдарды кабыл алган. Анткен менен балдардын укуктары өлкөдө толук сакталат деп айтыш кыйын. Экономикалык оорчулуктун кесепетин кабыргасы ката элек өспүрүмдөр, кайыр сураган, базарларда майышып араба тарткан, киерге кийими жоктуктан мектепке бара албай, тое тамак жей албай отурган балдар тартышууда. Балдар кодексин талкуулоого келген өспүрүмдөрдүн бири “мен таттуу тамак жегенди жакшы көрөм” деп ыймандай сырын ортого салды. Жыйында отурган курбалдаштары улутунган өспүрүмдүн ачык сырын тамашага айландырышкан жок. Балдар адатта калп айтышпайт.

XS
SM
MD
LG