Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

ИРАКТАГЫ АКЫРКЫ ЖАГДАЙ


Нарын АЙЫП, Прага Иракта дээрлик күн сайын америкалык аскерлер курман болууда жана АКШ эли арасында дагы согушту колдоо азаюуда. Аны менен катар, Ирактын убактылуу өкмөтү өлкөнүн жаңы конституциясынын долбоору менен жалпы элдик шайлоо даярдоодо дагы кечигүүдө.

Март айында АКШ Иракка каршы согуш баштагандан бери, өлкөдө 394 америкалык солдат курман болду, алардын үчтөн экиси - 256 аскер - согуш аяктады деп жарыяланган 1 майдан кийин набыт болду. Бирок курман болгондордун баары эле куралдуу кагылышуу же аскерий майданда өлгөн жок, согуш болуп жаткан кезде каза тапкандардын жарымына жакыны аскерий эмес ар башка кокустуктардан курман болсо, согуштан кийин өлгөндөрдүн төрттөн бири гана куралдуу кагылышууларда набыт болгон.

Ирактагы жагдай менен байланыштуу, америкалык коом арасындагы тынчсыздануу дагы күчөөдө. Пенсильвания университетинин адистери ноябрдын башында өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, согушту азыр америкалык элдин 49 гана пайызы колдойт, ал эми 48 пайызы ага каршы. Октябрда согушту 52 пайыз адам колдоп, 43 гана пайыз ага каршы чыккан. Президент Жорж Буштун Ирактагы аракеттерин азыр америкалыктардын 46 гана пайызы колдойт жана суралгандардын 50 пайызы аны жактырбайт, октябрда болсо президенттин саясатын 49 пайыз адам колдоп, 48 пайыз адам ага колдоо көрсөткөн эмес.

АКШ Конгрессинин 26 демократ-депутаты атайын резолюциянын долбоорун даярдап, аны Конгресс жетекчилигине тапшырды. Долбоор боюнча, Конгресс президент Бушка кайрылып, коргоо министри Доналд Рамсфелдди кызматтан алууну сураш керек. Долбоор авторлорунун атынан конгрессмен Чарльз Рэнгел 10-ноябрда кабар таратып, министр өз милдетин аткара албай жатат деп билдирди. Рэнгелдин айтымында, Рамсфелд, биринчиден, Иракка аскерлерди толук даярдабастан жиберген, согуштун жүрүшү тууралуу америкалык калкка толук маалымат бербейт жана курман болуп жаткан аскерлер тууралуу да көп тынчсызданбайт. Бирок Конгрессти азыр Республикалык партия көзөмөлдөйт, ошондуктан резолюция добуш берүүгө да жетпей тургандай, бирок коомдук пикирдин өзгөрүп бараткан жагдайын чагылдырат.

Министр Рамсфелддин пикиринде болсо, Ирактагы абал татаал болгону менен, АКШ саясаты туура жана америкалыктар өз максатына жетмейинче, токтобойт:

- Максат - Ирактан чыгып кетүү эмес. Максат - бизге жүктөлгөн милдетти аткаруу. Дал ошол себептен биз аракеттерибизди улантуудабыз, террорчулар менен мурдагы режимдин калдыктарын кууп, жок кылып жатабыз жана бул иште бизге улам көп ирактык адам көмөк көрсөтүүдө, алар өз мекенин өздөрү коргоого киришти. Бирок Иракка көбүрөөк эл аралык аскер келсе жакшы болмок. Менин оюмча, башка өлкөлөр да Ирак маселеси боюнча өздөрүнө милдеттенме алып, ийгилик үчүн салым кошсо жакшы болор эле.

Азыр Иракта 130 миңге жакын америкалык жана дагы 32 өлкөдөн келген 22 миң аскер жайгашкан. Дагы 14 өлкөнүн жетекчилиги менен Вашингтон азыр сүйлөшүү жүргүзүүдө жана алар дагы жакын арада Иракка өз аскерлерин жибериши мүмкүн. Түркия өкмөтү октябр айында 10 миң аскер жиберүүгө макул болгон, бирок ага Ирактын убактылуу өкмөтү өзү каршы чыкты. Ирак согушуна башынан каршы чыгып келген Алмания менен Франция жана алар менен кошо Орусия дагы Иракка аскер жиберүүдөн да, Ирак согушуна каржылык жардам көрсөтүүдөн да баш тарткан.

Аны бир чети - алардын пикирин эске албастан, АКШ согушту өз алдынча баштаганына бул өлкөлөр эмгиче нааразы экени менен түшүндүрсө болот. Экинчи жагынан, Ирактын эл чарбасын калыбына келтирүү иштери боюнча негизги контракттын баарын америкалык фирмалар алып кеткенге европалык мамлекеттер каршы.

XS
SM
MD
LG