Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Ирандын атомдук программасы жөнүндө далилдер табылбады


Бул тууралуу МАГАТЭнин жашыруун докладында айтылганын Батыш дипломаттары билдиришти. Иран мурда ядролук куралдарды таркатпоо тууралуу келишимдин шарттарын бир нече ирет бузган, бирок МАГАТЭнин эксперттери Тегеран атомдук курал жасаганга аракет кылганын ырастаган таныктарды азырынча таба алышкан жок. Өткөн айдын этегинде Тегеран өзүнүн атомдук программасы жөнүндөгү документтерди түгөлү менен МАГАТЭнин экспертизасына берген эле. Кечээ Иран кошумча протоколго кол койгонго жана атомдук ишканаларын каркап инспекция үчүн ачып бергенге даяр экенин, уран байытуу ишин токтотконун ырасмий түрдө МАГАТЭге кабарлады.

XS
SM
MD
LG