Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:18

Грузияда оппозициянын мөөнөтсүз акциялары уланууда


Парламенттин алдында депутаттар ачкачылык жарыялап, алардын тарапкерлери митинг өткөрүп жатышат. Оппозициянын бир катар лидерлери шайлоонун натыйжаларын бурмалаганы үчүн өкмөттү айыптап,өлкөнүн калкын бийликтердин амирине баш ийбөөгө чакырышты. Ырасмий маалыматтар боюнча,президенттин “Жаңы Грузия үчүн” блогу шайлоодо 20 проценттен ашуун добуш алып,жеңүүчү деп жарыяланды. Президент Эдуард Шеварднадзе кырдаалды жөнгө салуу максатында оппозиция менен дагы бир жолу жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрө тургандыгын билдирди. Анын сунушун оппозициялык лидерлер кандай кабыл алышканы азырынча белгисиз.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG