Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:15

ИРАНДА ӨЗӨКТҮК КУРАЛДЫН ИЗИ ЖОК, БИРОК МАГАТЭ АНЫ АЗЫРЫНЧА КЕПИЛДЕЙ АЛБАЙТ


Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ уюму Иран өзөктүк курал жасап жатканын күбөлөгөн далилдерди азырынча таба алган жок. Бул тууралуу аталган уюмдун жашыруун докладында айтылган. Анткен менен МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программалары толугу менен тынчтык максатты гана көздөөрүнө кепил боло албайт. Тегеран узак убакыт бою өзөктүк программаларына тийиштүү маалыматтарды жашырып келгендиктен, анын чын-бышыгына жетүү үчүн дагы убакыт талап кылынмакчы.

Ирандын өзөктүк программасына байланышкан маселелер 20-ноябрда МАГАТЭнин 35 өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган Директорлор кеңешинин жыйынында талкууланары күтүлүүдө. Андыктан мазмууну маалымат каражаттарына белгилүү болуп калган жашыруун отчет аталган жыйынды утурлай даярдалган. Быйыл 12-сентябрда МАГАТЭнин Директорлор кеңеши Иран өзүнүн өзөктүк программалары тынчтык максатты гана көздөөрүн далилдеген маалыматтарды тапшыруусу үчүн октябрь айынын соңуна чейин убакыт берген жана алдына бир нече талаптарды койгон эле. МАГАТЭнин талаптары аткарылбаса , балким, ИрангаБУУнун Коопсуздук Кеңеши менен иш кылууга туура келмек. Вашингтон Иранды өзөктүк курал программасын жашыруун жагдайда өнүктүрүп жатканы үчүн айыптап, ал эми Тегеран муну такай төгүндөп жүрөт. Отчетто белгиленгендей, Иран акыркы айда МАГАТЭ менен кызматташтыгын активдештирген жана көпкө чейин жашыруун сактап келген айрым маалыматтарды ачыктады. Маселен анчалык чоң эмес өлчөмдө плутонийди жана аз байытылган уранды өндүрүүгө жетишкенин моюнга алган. Аталган эки зат - өзөктүк курал жасоодо колдонулуучу негизги компоненттерден. "Вашингтон Пост" гезитинин жазганына караганда, отчетто Иран плутонийди 1988-92-жылдары жасаганы айтылган. МАГАТЭ жогорудагыдай маалыматтарды жашыруун сактоо менен Тегеран Өзөктүк куралдарды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимдин шарттарын бузду деп эсептейт. Ал эми Иран өзөктүк программасынын айрым өңүттөрүн жашыруусунун себептерин өлкө кабылган мыйзамсыз санкцияларга байланыштырган.

Айтор МАГАТЭнин отчетунда белгилегендей, " азыркы учурга карата Ирандын жарыялаган өзөктүк программасы жана ал ээлик кылган өзөктүк материалдардын өзөктүк курал жасоого тиешеси бар экенин көргөзгөн далилдер табылган жок"

Бирок ошол эле учурда, МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программасы толугу менен тынчтык максатын гана көздөйт деп азырынча жыйынтык чыгара албайт. Иранда маалымат жашыруунун жөрөлгөсү бар экенин эске алганда, мунун чын-бышыгына жетүү үчүн убакыт талап кылынат.

Учурда күтүлүп жаткандай, МАГАТЭнин эсперттери жакында Ирандын өзөктүк жайларын кең-кесири инспекциялоо укугуна ээ болушу керек. Бул үчүн Ирандын Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимдин кошумча протоколуна кошулуусу абзел. Тегеран аталган документке кол коюуга даяр экенин билдирген расмий катты ушул дүйшөмбү күнү МАГАТЭге тапшырды. Ирандын бийликтери буга макул экенин алгачкы жолу өткөн айда Тегеранга Европа Биримдигинин үч өлкөсү: Британия, Германия жана Франциянын тышкы иштер министрлери барган учурда билдирген. Ошондо уранды байытуу иши убактысынча токтотулаары жөнүндө да айтылган эле. Өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча Жогорку кеңешинин катчысы Хасан Роухани дүйшөмбү күнү Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолуккан учурунда уранды байытуу иштери токтотулуп жатканын ырастап, анын себептерин төмөнкүчө түшүндүрдү :

- Иран өзөктүк программаларына байланышкан кооптонууларды четтетүүнү чечти. Жаңы атмосфераны түзүү максатында биз табигый укугубуз экенине карабай, уранды байытуу иштерин да токтотууну чечтик.

Орусия - Ирандын өзөктүк программалар жаатындагы өнөктөшү. Ага атомдук электростанция курууда технолгиялык жактан жардам берүүдө. Эл аралык коомчулукта сын көбөйгөнүнө байланыштуу Орусия да соңку кездери Иранды өзөктүк программаларын ачыктап, МАГАТЭ менен тыгыз кызматташууга үндөп келген болчу.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG