Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:36

Эртең Түркиянын аскердик делегациясы Бишкекке келмек болду


БИШКЕК. Эртең Кыргызстанга Түркиянын Башкы штабынын полковник Эрдин Гюнай жетектеген делегациясы келет. Кыргызстандын Улуттук гвардиясынан бүгүн алынган маалыматка караганда, делегация менен Коргоо министрлигинин, Чегара кызматынын жана Улуттук гвардиянын жетекчилери жолугушат. Жолугушууларда эки тараптуу кызматташуу жана аскердик-техникалык жактан жардам көрсөтүү маселелери талкууланат. Кыргызстан менен Түркиянын аскердик байланышынын негизинде Түркияда Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын 25 офицери даярдыктан өтүп, тоодо куткаруу боюнча 10 адис окутулуп, андан тышкары 23 адис НАТОнун «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» борборунда билим алышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG