Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:07

Д.Усенко «Кыргызстандагы кыйноолор башка мамлекеттердегидей эле» деп билдирди


БИШКЕК. «Кыйноолорго каршы күрөштүн өзөгүн Кыргызстанда гана эмес, бардык мамлекеттерде аң-сезимди жаңылоо түзүшү керек». ЕККУнун Венада өткөн «Кыйноолорду жоюу» аттуу жыйынына катышып келген Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын өкүлдөрү Чынара Конушалиева жана Дмитрий Усенко ушундай пикирин билдиришти. Алардын айтымында, кыйноолор бардык мамлекеттерде бар жана муну Кыргызстан менен АКШдагы кыйноолордун саны бирдей экендиги айгинелейт. Андан тышкары, Дмитрий Усенко «Рамазан Дырылдаев, Төлөкан Исмаилова жана Азиза Абдрасулова Кыргызстандагы кыйноолор жана Аксы окуясы тууралуу маалыматты атайын бурмалап, өздөрүнө саясий упай топтоо, анын негизинде чет элдик миллиондогон долларлык грантка ээ болуу максаты менен гана айтышты» деп билдирди. Ал ЕККУнун өкүлдөрү кыргызстандык укук коргоочулардын маалыматтарына көңүл бурушпаганын белгиледи. Ал эми Венадагы жыйын тууралуу буга чейин маалымат берген Рамазан Дырылдаев Аксы окуясындагы элге ок атуу тартылган видеотасма ЕККУнун жыйынында көрсөтүлүп, ал көргөндөргө катуу таасир бергенин кабарлаган эле.

XS
SM
MD
LG