Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

ХОРСТ КЕЛЛЕРДИН ИШ САПАРЫ


Бүгүн Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) башкаруучу директору Хорст Келлердин Кыргызстанга иш сапары башталат. ЭВФтин өкүлү Кыргызстандын президенти, өкмөт башчысы, парламентинин спикерлери менен жолугушмакчы. ЭВФтин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүнө караганда, Хорст Келлердин иш сапарынын максаты - Кыргызстандагы саясий-экономикалык жагдай менен таанышуу.

Жыл жыйынтыгы жакындап, келерки жылдын бюджети кабылданаар кезде Кыргызстанга эл аралык финансы институттарынан өкүлдөр байма-бай каттай башташат. Өткөн аптада ЭВФтин Кыргызстандагы миссиясынын жетекчиси Тапио Саавалайнен, ага удаа Дүйнөлүк Банктын Европа жана Борбор Азия чөлкөмү боюнча вице-президенти Шигео Катсу, Азия Өнүктүрүү Банкынын президенти Тадао Чино келип, өлкөнүн жетекчилиги менен жолугуп, жагдайды көрүп кетишкен. Тапио Саавалайнен Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев менен былтыркы бюджеттин аткарылыш маселесин талкуулап, быйылкы экономикалык көрсөткүчтөр дурус экенин белгиледи. Быйылкы жылдын 9 айынын экономикалык көрсөткүчү чынында эле дурус. Аны өкмөт башчысы өзү да:

- Биринчиден, 2003-жылдын бюджети бардык беренелери боюнча 100% аткарылышы керек. Биз быйыл дурус дегидей, көп жылдардан бери жетише элек көрсөткүчтөрдү камсыз кылдык, - деп токпейил белгилеп отуру.

Кыргызстан - эл аралык финансы институттарынын айткан кеп-кеңештерин илбериңкилик менен аткарып келаткан өлкө.

XS
SM
MD
LG