Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:22

УКУК КОРГООЧУЛАР ЧИЛИКТЕ АДАМ УКУКТАРЫ ТЕБЕЛЕНИП ЖАТКАНЫН АЙТЫП КЕЛИШТИ


Коңшу Казакстанда иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын абалы кандай? Ушул маселени иликтеш үчүн эмгек мигранттары жыш жайгашкан Чилик районуна Кыргызстандын акыйкатчысынын өкүлдөрү жана «Аялдар жардамы» борборунун жетекчилери барып келишти. Алардын баамында, кыргызстандык жалданма жумушчулар оор жагдайга тушугуп, укуктары тепселип жатат. Бул тууралуу шейшембиде акыйкатчынын кеңсесинде өткөн маалымат жыйынында кабарланды.

Кыргызстандыктар адатта коңшу Казакстандын тамеки плантацияларында жаздан күзгө чейин жалданып иштеп жүрүшөт. Алар коңшу өлкөгө миграциялык кызмат аркылуу ачык жана жашыруун жолдор менен барышат. Аларды утурумдук түзүлгөн фирмалар же ортомчулар пайда табуу максатында кожоюнга азгыруу, алдоо өңдүү ар кандай жолдор менен алып барышат. Бул жыл сайын кайталанчу кадыресе көрүнүшкө айланган. Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин иликтөөлөрүнө караганда, мындай ишке адатта өлкөнүн түштүгүндөгү тамеки өстүргөн райондордун жашоочулары барышат. Алардын социалдык жагдайлары да окшош. Кесиби жок, көп бүлөлүү. Бирок, алардын каражат табуу максаты бардык учурда эле өздөрү ойлогондой чыкпайт. Тескерисинче, коңшу Казакстандын фермерлери иш издеп барган кыргызстандыктарды арзан жумушчу күч катары пайдаланышып, алардын укуктарын чектеп коюшат. Чилик районунда иликтөө жүргүзгөн топтун өкүлү, «Аялдар жардамы» борборунун жетекчиси Роза Айтматованын айтымында, кыргыздар жалданып иштеген бул аймакта адам укуктарынын эң жөнөкөй элементтери сакталбайт. Тескерисинче, бул жерде киши сатуунун белгилерин байкоого болот. Башкача айтканда, мигрант үйүнөн чыккандан баштап алданып отуруп, акырында тапкан-ташынганынын баарын жолуна, ичкен-жегенине, жатаканасына, дары-дармегине, бардык кыймыл-аракетине баалап берип, тапкан акысынан куржалак калат же жарыбаган тыйын алат. Мындай тыянакка иликтөөчү топ ал жердеги 100 кишини сурамжылагандан кийин келген.

- Адам укуктары боюнча жалпы декларациядагы эң негизги укуктардын бири - адамдын эркин каттоо укугу. Фундаменталдуу укуктун бири бул жерде тебеленип атат. Ал (мигрант) эч кандай Кыргызстанга да, Алматыга да бара албайт. Анткени колунда паспорту жок. Бул дагы кулчулуктун бир белгиси, - дейт Роза Айтматова.

Иликтөөчүлөрдүн айтымында, Чилик районунда тамекиде иштеген кыргыз мигранттарынын ичинен айрыкча балдар жана аялдар көбүрөк ыдык көрүшөт. Маселен, 14-15 жаштагы балдарга чоң кишилер менен бирдей деңгээлде талап коюлса, кыздарга кожоюндар ар кандай кордук көрсөтүшөт. Роза Айтматова мындай дейт:

- Маселен, Шелек айылында мектепти бүтүп, энеси менен бирге иштегени келген кыздын өз кожоюнунан боюна болуп калыптыр. Кожоюн өз кезегинде боюнан алдырууну талап кылган, бирок «тукумсуз болуп каламбы» деп корккон кыз ага барган эмес. Фирма жетекчиси «кыздын энеси «1000 доллар бер» деп шантаж кылып атат» дейт. Бул коркутуп-үркүтүү эмес, менимче, кожоюн бардык чыгымдар үчүн акча бериши керек.

Иликтөөчү топтун өкүлдөрү коңшу өлкөлөргө жергиликтүү атуулдардын жалданып барып жатканын жердин жетишсиздиги, жумушсуздук, тамеки өстүрүүнүн жакшы жолго коюлбагандыгы жана эмгек акынын аздыгы менен байланыштырышат. Чиликте эмгек мигранттарынын абалын иликтеп келгендердин бири - акыйкатчынын маалымат кызматынын башчысы Топчугүл Шайдуллаева. Ал ноокаттык эмгек мигранттары «Филипп Морис» ишканасынын кызматын Кыргызстанда уюштурууну каалашканын мындайча маалымдады:

- Ноокаттык эмгек мигранттары «эгер «Филипп Мористин» кызматын Кыргызстанда уюштурсак, биз ошо Ноокатта эле өзүбүздүн жерибизге тамеки айдап, «Филипп Мориске» тапшырсак, кыйла көбүрөөк пайда тапмакпыз. Эгер азыр Ноокатта тамеки өстүрүп, сатсак өтө арзан баада кетет. А «Филипп Морис» жакшы баада сатып алат экен. Ошондуктан, казакстандыктар азыр тамекини жапырт айдай башташыптыр» дешет.

Акыйкатчы Чилик районунда ачыкталган фактылардын негизинде Тышкы иштер жана Ички иштер министрликтерине кат жөнөтөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Турсунбай Бакир уулу билдирди.

- Биздин кыздарды зордуктап кеткен, атуулдарды өлтүрүп, уруп кеткен фактылар да көп болуп атат, - дейт Турсунбай Бакир уулу. - Ушуга байланыштуу мен бардык фактылар боюнча Башкы прокуратурага кайрылып, «Казакстандын тартип коргоо органдары менен биргелешип, кыргызстандыктардын укуктарын коргоп бергиле» деп суранайын деп турам. Мындан тышкары, биздин комиссияга тоскоолдуктар болгон экен. Казактар болсо тамекинин акчасы колуна тийгенде биздин кыргыздар менен эсептешет. Атуулдарды карызга батырып койбосун деп, бир барып келейин деген ниет бар. Мына ушул маселелер боюнча Казакстандын президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасына кат даярдап атам.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинин алдындагы миграция кызматы жылдагыга караганда Казакстанда эмгек мигранттарынын абалы жакшырып калганын билдирет. Миграция кызматы муну 29-августта күчүнө кирген, эки өлкөнүн ортосунда кабыл алынган «Эмгек мигранттары жөнүндөгү» макулдашуу менен байланыштырат. Бирок Роза Айтматованын оюнда, бул макулдашууну ишке ашыруунун механизмин иштеп чыкпаса, бул документ кагаз бойдон кала берет.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG