Британиянын премьер-министри Тони Блэр анын өкмөтү АКШ менен да, Европа менен да тыгыз байланышын сактап калаарын билдирди. Жылдык билдирүүсүндө Блэр Ирактагы согуш эки жакты бир-бирине суук-селки кылганын моюнга алды жана буларды кошмчалады:
– Эски жана жаңы Европа бар, күнү бүтүп бараткан эски Европа АКШга каршы, жаңы Европа келечектин карлыгачы деген сыяктуу иллюзияны таштайлы. Европада айырмачылыктарга караганда, жалпы кызыкчылыктар, кызматташттыкка олуттуу негиздер алда-канча көп.
Блэр Иракта тынчтыкты жана демократияны орнотуу үчүн, бул өлкөдөгү АКШ баштаган коалициянын ишинин ийгиликтүү болушу зарыл деп ырастады.