Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Сауд арабиядагы америкалык элчилик-жана консулдуктар жабык бойдон кала берүүдө


Коопсуздук зарылчылыгына байланыштуу алар келерки аптада гана ачылышы мүмкүн. АКШнын Мамдепартаментинин маалымат катчысы Ричард Баучердин билдиришинче, Сауд арабияда террордук жаңы кол салуу коркунучу жогору бойдон кала берип жатат. Өткөн аптанын соңунда баш калаа Эр-Риядда жанкечтинин жардыруусунан 17 киши каза тапты. Алардын арасында бир да америкалык атуул болгон эмес.
АКШнын Мамкатчысынын орун басары Ричард Армитиж чабуулдун артында ал-каидачылар турат деп ырастады:
- «Ал-Каида» Саударабиянын падышачыл бийлигин жана өкмөтүн кулатууну көздөп жатканы айдан ачык.
Анын аралыгында, АКШнын Жогорку Соту Кубадагы Гуантанамо Бей базасында камакта жаткан шектүү террорчулардын арасынан Американын атуулу болбогондордун ишин АКШнын атуулдук сотторунда кароо мүмкүнчүлүгүн териштирүүгө макул болду. АКШнын эң жогорку сотунун билдиришинче, бул маселе келерки бир нече айдын ичинде каралат. Чечим июль айында чыгарылышы күтүлөт.
Гуантанамодо 650 чакты киши камалып жатат.

XS
SM
MD
LG