Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:40

ИРАКТАГЫ САЯСИЙ ТҮЗҮЛҮШТҮ ӨЗГӨРТҮҮ ТУУРАЛУУ СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ӨТҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Ирактагы абал оор бойдон калууда жана өлкөнү бийлеген америкалык башкаруучулук менен Ирактын Башкаруучу кеңеши ортосунда да пикир келишпестиктер пайда болууда. Бул меселелерди талкуулоо максаты менен Ирактын башкаруучусу Пол Бремер 11-ноябрда Вашингтонго шашылыш келип, АКШ жетекчилери менен эки күндүк сүйлөшүү жүргүздү.

Маселе канчалык оор экенин - Багдад шаарында Польшанын премьер-министри Лешек Миллер менен өтүүгө белгиленген жолугушуудан Пол Бремер баш тартып, Вашингтонго учуп кеткени эле көрсөтөт. Польша - АКШ жана Улуу Британиядан кийинки Иракка эң көп аскер жиберген мамлекет жана өлкөнүн үчкө бөлүнгөн аймагынын бирин көзөмөлдөйт.

11-ноябрда Бремер Вашингтон шаарында вице-президент Дик Чейни, коргоо министри Доналд Рамсфелд, тышкы иштер министри Колин Пауэлл, президенттин кеңешчиси Кондолиза Райс жана Борбордук чалгындоо агенттигинин деректири Жорж Теннет менен жолугуп сүйлөштү. 12-ноябрда болсо сүйлөшүүлөргө президент Жорж Буш да катышты.

Негизги маселе - Ирактын жаңы конституциясынын долбоору менен жалпы элдик шайлоону даярдоо иштери кечеңдегенинде жана бул маселелер үчүн жооптуу болгон өлкөнүн Башкаруучу кеңеши менен Ирактын убактылуу америкалык башкаруучулугу ортосунда пайда болгон пикир келишпестиктер.

Бириккен Улуттар тарабынан кабыл алынган резолюция боюнча, 15-декабрга чейин Ирактагы шайлоонун мөөнөтү дайындалып, өлкөнүн жаңы конституциясын ким жана качан даярдай турганы аныкталууга тийиш. Башкаруучу кеңешке азыр 25 адам мүчө болуп кирет, алардын он үчү шийи мусулмандарынын өкүлү, бешөө күрд, бешөө сунни мусулмандары, бири христиан жана бири түркмөн, алардын баары америкалык башкаруучулук тарабынан дайындалган.

Анткен менен, башкаруучулуктун айтымында, кеңеш өтө жай иштөөдө жана өзүнүн тикелей милдеттерин аткаруунун ордуна өз-ара чатактарга батып кетти. Конституцияны кабыл алуу жараяны кандай негизде болоору тууралуу да азырынча бир пикир жок. Кеңештин кээ бир өкүлдөрүнүн айтымында, конституциялык кеңештин мүчөлөрүн америкалык башкаруучулук дайындоого тийиш, кээ бирлери аларды жалпы элдик шайлоо аркылуу аныкташ керек дейт, башкалары болсо, делегаттарды өлкөнүн 18 провинциясынын жетекчилери жана белгилүү адамдары тандаш керек деген пикирде.

Америкалык башкаруучулук ошондуктан Ирактагы саясий түзүлүштү өзгөртүүнү каалайт жана ал үчүн Ооганстанды үлгү катары пайдалануу мүмкүн. Ооганстанда дароо эле убактылуу өкмөт тандалып, конституция менен жалпы элдик шайлоо азыр ошол өкмөттүн башчысы Хамид Карзайдын башкаруучулугу алдында даярдалууда. Ошондуктан кээ бир америкалык жетекчилердин айтымында, Иракта дагы ошондой убактылуу өкмөт түзүү керек. Пентагондун пикиринде болсо, Башкаруучу кеңешке убактылуу өкмөттүн укуктарын берип, аны бардык маселелер үчүн жооптуу кылган жакшы. Кээ бир башка эксперттердин сунушу боюнча, ал үчүн азыркы Убактылуу кеңешке эл тарабынан шайланган өкүлдөрдү кошуу керек, ал эми конституцияны кабыл алууну тездетиш үчүн, азырынча убактылуу гана конституция кабыл алса деле болот.

Башкаруучу кеңештин мүчөлөрү болсо, алардын колунда азырынча эч кандай бийлик жок экенине нааразы жана конституциянын долбоорун даярдоо үчүн бир топ олуттуу нерсе керек экенин айтат. Кеңештин мүчөсү Аднан Пачачинин пикиринде, эгер Иракта убактылуу өкмөт түзүлсө, анда америкалык башкаруучулук да токтоого тийиш:

- Андай болгондо, коалициялык убактылуу башкаруучулук токтойт. Убактылуубу же андай эмеспи, Ирактын өкүлчүлүктүү өкмөтү түзүлсө, америкалык башкаруучулук да аяктайт, анткени Ирак өкмөтү түзүлөөрү менен коалициялык башкаруучулук бийликти ага өткөрүп берүүгө тийиш деп Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин резолюциясында так айтылган.

Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдөн кандай жыйынтык чыгарылганы тууралуу азырынча жарыялана элек, Борбордук чалгындоо агенттигинин дем алыш күндөрү ачыкка чыккан отчетунда болсо, Иракта азыр америкалыктарга каршы күн сайын 30-35 чабуул жасалууда, ал эми Башкаруучу кеңешти Ирак калкы колдобойт деп айтылат.
XS
SM
MD
LG