Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:23

ПАЛЕСТИН АВТОНОМИЯСЫНЫН ЖАҢЫ ӨКМӨТҮ БЕКИТИЛДИ


Бүгүн Палестин автономиясынын парламенти жаңы кабинеттин курамы боюнча добуш берип, аны бекитти. Парламенттин сессиясында чыгып сүйлөгөн премьер-министр Ахмед Корейи Израиль менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантууга даяр экенин айтып, “Жол картасы” планынын негизинде тынчтык келишимин иштеп чыгуу үчүн эл аралык конференция өткөрүү демилгесин көтөрдү.

Буга чейин Ахмед Корейинин кабинет куруу аракетинен майнап чыкпай, Ясер Арафаттын атайын буйругу менен премьердин мандаты узартылган эле. Өткөн жекшембиде Корейи менен Арафат ортосундагы айрым пикир келишпестиктер жоюлду. Бул үчүн премьер коопсуздук маселелерин чечүүдө биринчилик автономиянын лидери Арафатка берилсин дегенге аргасыз макул болду. Ошентип, көп сандаган аскер күчтөрү, иш жүзүндө, Арафаттын контролдугунда болуп калмакчы.

Албетте, мындай жагдайдын АКШ менен Израилди кубандырбай турган себеби бар. Вашингтон менен Тель-Авив Арафаттын коопсуздук иштеринен четтетилишин жана автономиянын ички иштер министрлигинин башына радикалдуу топторду тизгиндөөгө күчтүү, кудуреттүү жетекчи келсин деп талап кылышкан эле.

Ошол эле убакытта эки администрация тең Ахмед Корейиге шанс берилүүсүнө каршы эместигин белгилешти. Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон Корейи менен жолугушууга даяр экенин билдирди. Палестин кабинетинин катчысы Хасан Абу Либдехтин айтымында, АКШнын расмий өкүлдөрү Корейиге эркин аракеттенгенге мүмкүнчүлүк берүүгө даяр. “Америкалыктар өкмөттүн структурасына нааразы. Бирок алар кабинетти анын конкреттүү иш-аракеттери боюнча бааларын белгилешти”, - деди Абу Ладех.

Вашингтондо сапарлап жүргөн Израилдин коргоо министри Шаул Мофаз шейшембиде америкалык кесиптеши менен жолугушту. АКШ администрациясы жөөт бийлигин коргоо чебин куруу аркеттеринен улам сындап жүргөнү менен, соңку жолугушууда бул маселе көтөрүлгөн жок. Мофаздын айтымында, тосмо израилдиктердин коопсуздугун камсыздоону көздөйт. “Биз аны курууну уланта бермекчибиз”, - деди жөөт коргоо министри. Ошол эле күнү Израилдин премьери Ариэль Шарон да словак өкмөт башчысы менен жолугушуудан кийин Иерусалимде өткөрүлгөн пресс-конференцияда дубал палестин жанкечитилеринен коргонуу максатында тургузулуп жатканын белгиледи:

- Коргон Иерусалим же өлкөнүн борборунда жайгашкан башка шаарларда кылмыш иштерин жасап жүрүшкөн палестин терорристери үчүн тоскоол болуп калмакчы. Бул – саясий чек ара эмес.

БУУнун шейшемби күнү жарыяланган баяндамасына ылайык, Израил коргоо дубалын орнотуу менен Иордан дарыясынын батыш жээгинин 14 жарым пайызын өзүнө кошуп алмакчы. 274 миңге жакын палестиналык алакандай анклавда жашап калат, ал эми дагы 400 миңге чукулу өз айдоо жеринен, ишинен, окуу жайларынан, ооруканаларынан кесилип калмакчы. БУУнун гуманитардык иштери боюнча кеңсесинин өкүлү Дэвид Шейрердин ырастоосунда, тосмо элдин турмушуна олуттуу түрдө таасир этет. Мисалы, дыйкандар үчүн түшүмүн жыйнап, аны базарга жеткирүү кыйын бир ишке айланып калмакчы. “Экономикалык себептерден жана билим берүү кыйынчылыктарынан улам, эл бул аймакта жашоодон көрө башка жерге көчүп кете баштайт”, - дейт БУУнун кызматкери.

Израиль өз жарандарын үч жылдан бери уланып келаткан зомбулуктан коргоону көздөп жатканын айтса, палестиндер болсо келечекте эгемендүү Палестин мамлекетинин курамына кире турган жерлерди жөөттөр басып алууга умтулуп жатат дешүүдө.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG