Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:25

БАЙ КАЛПАГЫН КИЙГЕНДЕН ЖАЛЧЫ БАЙ БОЛУП КЕТПЕЙТ


Муса Мураталиев, Москва Орусиялык гезиттер үстүбүздөгү аптадагы сандарында америкалык айтылуу саясатчы Збигнев Бжезинскийдин жакында Ташкенге келип кетишин, АКШнын Борборазияга карата болгон жаңы мамилесин жана Эл аралык валюта корунун жетекчисинин регионго келип кетүүсүн чагылдырды.

“Новые известия” 12-ноябрда жарык көргөн санында дүйшөмбү күнү АКШнын Мамлекеттик катчысынын Евразия маселелери жана адам укугу боюнча жардамчылары : Элизабет Жонс менен Лорн Крайнерди президент Ислам Каримов Ташкенде кабылдап кыйла убакыт баарлашканы туурасында жазат.

Кабарчынын маалыматында ал жолугушуу дурус жыйынтык берген эмес.
Өзбекстандын юстиция министрлиги эч себепсиз эле оппозициядагы партияларды каттабай салган. Андай болгондо 2004-жылы өткөнү жаткан парламентти шайлоодо калк оппозициялык партияларга добуш бере албай калат деп, АКШнын конгресси кеткен айдын этегинде Өзбекстандагы адам укугун коргоо маселесин кескин сынга алган.

Ошол себеп болуп Элизабет Жонс менен Лорн Крейнер өлкөдө демократиялык реформа жүргүзүү ошондой эле адам укугу менен эркиндигине көбүрөөк көңүл буруу керектигин Каримовго дагы бир жолу билдирүү үчүн келишкен. Кантсе да Борборазиядагы ири өлкө менен мамилесин бузгусу келбеген Вашингтон улам бир кеңеш айтуу максатта өз кишилерин чапкылатып, Өзбекстан жеткчисин көндүрүүнүн алакетинде делинет. Жакында эле мурда АКШ президентине улуттук коопсуздук маселеси боюнча кеңешчи болуп жүргөн Збигнев Бжезинский да Ташкенге келип кетти , - деп жазат газета.

“Независимая газета” (11.11.2003) Бжезинскийдин Ташкенге келип кеткендиги тууралуу Шерзод Кудратходжаевдин “ЗБИГНЕВ БЖЕЗИНСКИЙ КООПСУЗДУК ФОРМУЛАСЫН ИЗДЕЙТ” деген макаласын баскан. Оозунда кеби бар АКШлык саясатчы мурунку аптада Өзбекстанда болгондон кийин Бакыга барып, ал жерде президент Ильхам Алиев менен жолуккан. Ал тургай Азербайжандын чукулда НАТОго кабыл алынышына колдоо көргөзө тургандыгын билдирген, - деп жазат “НГ”.

Ошол эле макалада америкалык саясатчы Борбор Азия аймагындагы өлкөлөргө Өзбекстанды тирек болор мамлекет деп карай тургандыгын билдиргени айтылган.

ЮКОС компаниясынын мурунку жетекчиси Ходорковскийди абакта кармабай үйүндө туруусун талап кылган саясий жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүн кечөө Маскөөдө өткөн сот ишине прокурор каршы чыгып катыштырбай салды. Алардын бири Оңчулдар күчү союзунун (СПС) жетекчилеринин бири, Мамдуманын депутаты Борис Надеждин. Анын журналисттерге айтканы төмөнкүдөй болду:

- Сот өтүп атканда анын сурагына бизди катыштырбай коюучу кыйыр себеп - мамлекеттик сыр аралаш маселени талкууга алуу болгон. Бирок Мамдуманын депутаттары мамлекеттик сыр аралаш маселени караган талкууга катышууга толук укуктуу. Ошого карабай сот бизди катыштырбады.

Ал эми “ФерегенаRu” интернет-басылмасы (11.11.2003. Мавлян Юлдашев: Саятсатчынын келип кетүүсү кызыгуу туудурат) жазганга караганда, Збигнев Бжезинский:

«Азыркы тушта АКШ өкүмөтүн Борбордук Азия өлкөлөр ичинен экономикасы тез өнүгө баштаган, ошондой эле стратегиялык жактан алганда эң оңтой Казакстан менен Өзбекстан кызыктырат. Тилекке каршы, Өзбекстан менен Казакстандын тышкы саясаты ар башка жолдо баратат”, - деп келип, тышкы күчтөрдөн катуу жабыр тартуучу өлкөлөр Тажикстан менен Кыргызстан экенин белгилейт.

Кабарчынын Бишкектин жанындагы Кант шаарында уюшулган орусиялык согуштук база туурасында кандай пикир айтасыз деген суроосуна Бжезинский: “Байдын калпагын утурумдук кийгенден жалчы бай болуп кетпейт”, - деп жооп айткан.

“Новые известия” (12.11.2003) соңку санында Кыргызстандын Түштүгүндө ич келте менен 37 киши ооруканага түшкөндүгү туурасында жазат. Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри айтканга караганда, Баткенде ич келте менен ооругандарды кошуп эсептегенде, жумуриятта 80 киши бул илдетке чалдыккан.
XS
SM
MD
LG