Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

Бишкектин картасы даяр болду


БИШКЕК. Кыргызстандын Картография боюнча мамлекеттик кызматынын директору Валерий Цурковдун айтымында, Бишкек шаарынын картасы азыр даяр жана ал муктаж тараптардын баарына берилет. Бишкек шаары акыркы 10 жыл ичинде 30 чарчы чакырымга кеңейип, азыр жалпы аянты 180 чарчы чакырым болду. Бирок каражаттын жетишсиздигинен улам борбордун картасын жана шаарда орун алган жайлардын чиймесин даярдоого мүмкүнчүлүк болгон эмес. Бул проблема Швейцария өкмөтүнүн 2 млн. 200 миң долларлык грантынын эсебинен чечилип, азыр Бишкектин ордофотопланы даяр болду.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG