Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:21

Ысыккөлдө кредиттерди жана ссудаларды кайтаруу жагы начар


КАРАКОЛ. Облустагы мекеме-уюмдарга, чарбаларга, жеке секторго чет элдик кредиттердин жана Жапониядан келген гранттын эсебинен берилген каражаттардын кайтарымы өтө начар. Маселен, айыл-чарба продукциясын өндүрүүчүлөр жергиликтүү бюджетке 130 млн. 749 миң сом, агроөнөржай комплекси 68 млн. 961 миң сом, өнөр жай комплекси 72 млн. 777 миң сом карыз. Жапониядан келген гранттын азыр 82 миллионго жакын сому да өндүрүлбөй турат. Бул тууралуу малымат Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү фондунун облустук өкүлчүлүгүнөн алынды. Фонддун директору Өмүрбек Абдыракуновдун айтымында, кредит төлөө мөөнөтү бир жылдык убакытка белгиленгени менен, ал 3-4 жылга чейин создугуп кеткен учурлар көп.

XS
SM
MD
LG