Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Туроператорлор өкмөт менен парламентке кайрылышты


БИШКЕК. Кыргызстандын Туристтик ассоциациялар конгресси Жогорку Кеңешке, өкмөткө, Тышкы иштер министрлигине жана Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетке кайрылуу жолдоду. Ал «туризм тармагындагы кызмат көрсөтүүнү экспорттоо» деген түшүнүктү Салык кодексине киргизип, аны кошмо нарк салыгынан бошотууну, кыймылсыз мүлккө салынуучу салыктан бошотуу укугун өкмөткө берүү тууралуу жобону тиешелүү мыйзамга киргизүүнү парламентке сунуш кылды. Кайрылуу ээлеринин пикиринде, мындай кадам ишкерликти өнүктүрүп, анын натыйжасын мамлекет менен элге тартуулаганга өбөлгө түзөт. Андан тышкары, туроператорлор өкмөткө Туризм боюнча координациялык кеңешти кайра жандандырууну, Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын аброюн жакшыртууну сунуш кылышты. Кайрылуу ээлеринин айтымында, мындай сунуштарга быйыл туризм тармагындагы натыйжанын алымсындырбаганы жана туроператорлордун аракетин өкмөттүн колдобой жатканы түрткү берди.

XS
SM
MD
LG