Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

Кыргыз-кытай чегарасын демаркациялоо тууралуу акыркы макулдашууга эмдиги жылы кол коюлат


БИШКЕК. Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамлекеттик чегараны демаркациялоо тууралуу акыркы макулдашууга 2004-жылдын жаз айларында кол коюлат. Бул тууралуу Бүгүн Картография боюнча мамлекеттик кызматтын директору Валерий Цурков билдирди. Анын маалыматына караганда, эки мамлекеттин чегара боюнча комиссиясы демаркацияга байланыштуу иштерди сентябрдын аягында аяктады. Эми тараптар Кыргызстан менен Кытайдын мамлекет башчылары кол кое турган макулдашуунун долбоорун даярдоого киришти. Макулдашуунун долбоорунан мурун комиссия демаркациялык картаны даярдап, кайсы жерде кандай чегара белгиси тураарын жана алардын канчадан коюларын тактоого тийиш. Валерий Цурковдун айтымында, бул кеминде 4-5 айлык убакытты жана дыкат ишти талап кылууда.

XS
SM
MD
LG