Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

ЭВФтин Кыргызстанда жүргөн башкаруучу директору келерки жылы Кыргызстанга 40 млн. доллар берилээрин билдирди


БИШКЕК. Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) келерки жылы Кыргызстанга 40 млн. долларлык кредит бөлөт. Бул акча Кыргызстан менен ЭВФ биргелешип аткарып жаткан 3 жылдык программанын алкагында берилет. Бул тууралуу бүгүн ЭВФтин башкаруучу директору Хорст Келлер президент Аскар Акаев менен кошо Өкмөт Үйүндө өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, «Жакырчылыкты азайтуу жана экономикалык өсүштү камсыз кылуу» аттуу 3 жылдык программаны Кыргызстан ийгиликтүү аткарууда. Ошондуктан анын 2004-жылга белгиленген акыркы бөлүгү да ЭВФтин колдоосуна ээ болот. Президент Аскар Акаев да өз кезегинде Кыргызстан менен ЭВФ биргелешип аткарып жаткан программаны ийгиликтүү катары баалады. Бул программанын алкагында ЭВФ Кыргызстанга 100 млн. доллардын тегерегинде жардам берүүгө милдеттенме алган жана анын эки траншы буга чейин берилген. Хорст Келлер Кыргызстанга таанышуу сапары менен кечээ келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG