Темир жолчулар бүгүнтөн тартып мөөнөтсүз иш таштоо жарыялашты. Алар өкмөттүн чыгымдарды азайтуу максатында темир жол тармагын төрт ишканага бөлүү планына каршы. Темир жолчулар профсоюзунун өкүлү билдиргендей, 7 миңдей поезд менен 800дөй автобустун бири да бүгүн каттамдарды аткарган жок. Ал эми почта кызматынын айдоочулары тармактын бир бөлүгүн менчиктештирүү планына наарзылык билдирип, иш ташташууда.