Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:21

Иран МАГАТЭге нааразы


Мазмууну мындан эки күн мурда белгилүү болгон отчетунда МАГАТЭ Иран анчалык көп эмес өлчөмдөгү плутонийди жашыруун өндүргөнүн, бирок ал өзөктүк курал жасоого аракеттенгенин көргөзгөн далилдер азырынча табыла электигин билдирген эле. МАГАТЭнин пикиринде, плутоний өндүргөнүн мурда жашыруу менен Иран Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимди бузду. Ал эми Ирандын президенти Мохаммед Хаттаминин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, муну аталган келишимди бузгандык катары кароо ылайыксыз. М.Хатаминин айтымында, Тегерандын МАГАТЭ менен кызматташуусунун келечеги, уюмдун Директорлор кеңешинин 20-ноябрдагы жыйынынын жыйынтыгына жараша болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG