Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:58

Грузиянын президенти четтен колдоо издөөдө, өлкөдөгү кырдаалды оппозиция менен талкуулоого даяр


Грузияда кырдаал парламенттик шайлоодон соң курчуп кетти. Бир нече жүз адам Тбилисиде, парламент имаратынын жанында күнү-түнү нааразылык акциясын өткөрүп жатат. Шайлоодон кийинки кырдаалды талкуулоо үчүн президент Эдуард Шеверанадзенин бүгүн оппозиция лидерлери менен кайрадан жолугушуусу белгиленген. Ал кечээ жана бүгүн чет өлкөлүк элчилер менен да кездешти. Ал эми шайлоодо партиясы экинчи орунду алды деп жаткан Аджар автономиясынын лидери Аслан Абашидзе президенттин өкүлү катары коңшу мамлекеттерди кыдыруууда. А.Абашидзе кечээ Арменияда болду,бүгүн Азербайжанга келди. Шайлоонун жыйынтыгы толугу менен чыга элек. Буга чейинки маалыматтар боюнча өкмөтчүл партиялардын "Жаңы Грузия үчүн "деп аталган саясий блогу алдыда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG