Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:50

АКШ Ирактагы бийликти ирактыктардын өзүнө берүүнү тездетүүнүн жолдорун караштырууда


Президент Жорж Буш бүгүн Ак үйдө өткөргөн жыйында ушул маселе талкууланды. Кеңешмеге Ирактагы америкалык администрациянын башчысы Пол Бремер, вице-президент Дик Чейни, коргоо министри Дональд Рамсфелд, мамлекеттик катчы Колин Пауэлл, Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Кондолиза Райс катышты. Кабарларга караганда, Вашингтон администрациясында Ирактын Башкаруу Кеңешинин ишине карата нааразылык күчөөдө. Анткен менен Пол Бремер Ирактын Башкаруу кеңеши иштебей жатат деп айтуу адилетсиздик болот деп эсептейт. Ал бул тууралуу Ак үйдөгү жыйындан кийин билдирди. Ал эми Башкаруу кеңешинин азыркы жетекчиси Жалал Талабани бүгүн тезинен өлкөнүн утурмдук өкмөтүн түзүү чакыргы менен чыкты. Анын айтымында, мындай кадам дээрлик күн сайын кол салууларды жасап жаткан террорчулардын Ирак оккупацияда турат деген ырастоосун да жооко чыгармак.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG