Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Ирактагы италиялык аскердик базада жасалган террактан 23 адам өлдү


Италиянын коргоо министри Антонио Мартино бул терракт үчүн жоопкерчиликти Саддам Хусейндин жактоочуларына жана араб экстремисттерине жүктөдү. Анын билдиргенине караганда, курман болгондордун он беши италиялыктар, сегизи ирактыктар. Окуя Ирактын түштүгүндөгү Насирия шаарында болду. Жүк ташуучу автоунаа италиялык аскерий полицейлердин базасы жайгашкан имараттын дарбазасын сүзүп барып жарылган. Президент Карло Чампинин айтымында, кол салууга карабай Италия Ирактагы миссиясын улантат:
- Биз Улуттар уюмунун алкагында жана өнөктөштөрүбүз менен чогуу эл аралык террорчулукка каршы согуштагы ишибизди улантабыз.
Италия Иракка 2300дөй аскер жиберген.

XS
SM
MD
LG