Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:02

ЭЛ АРАЛЫК ВАЛЮТА ФОНДУ ЭМДИГИ ЖЫЛЫ КЫРГЫЗСТАНГА 40 МЛН. ДОЛЛАР БӨЛӨТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 11-ноябрь күнү кечинде Кыргызстанга Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) башкаруучу директору Хорст Келлер иш сапары менен келди. Шаршемби күнү ал президент Аскар Акаев, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев жана премьер-министр Николай Танаев менен жолугушту. Ушул эле күнү ал мамлекет башчысы Аскар Акаев менен бирге журналистерге маалымат берди. Хорст Келлер Кыргызстан ЭВФ койгон талаптарды ийгиликтүү аткарганын белгиледи. Ал «Жакырчылыкты азайтуу жана өнүгүүгө өбөлгө түзүү» аттуу программанын алкагында Кыргызстанга эмдиги жылы 40 млн. доллар бөлүнөөрүн маалымдады.

ЭВФтин башкаруучу директору Хорст Келлердин айтымында, кыргыз өкмөтү фонд тарабынан коюлган талаптарды ийгиликтүү аткарып, кийинки учурларда макроэкономикалык жакшы көрсөткүчтөргө жетише алды.

- Ошондуктан 2004-жылы Кыргызстанга «Жакырчылыкты азайтуу жана өнүгүүгө өбөлгө түзүү» программасынын алкагында 40 млн. доллар бөлүнөт, - деди Хорст Келлер.

Сөз болуп жаткан программа кыргыз өкмөтү жана ЭВФ тарабынан 2001-жылы иштелип чыккан. Программаны аткаруу 3 жылга белгиленген. Быйыл ноябрдын башында Кыргызстанга ЭВФтин Тапио Саавалайнен баштаган миссиясы келип, программанын буга чейинки аткарылышын текшерген. Мындан тышкары, 2004-жылга карата милдеттенмелерди аныктоо тууралуу кошумча макулдашуу иштелип чыккан. Хорст Келлердин айтмында, кыргыз өкмөтү бул программанын алкагында коюлган талаптарды ийгиликтүү аткарууга жетишти.

- Кыргызстан туруктуу макроэкономикалык жакшы ийгиликтерге жетишти, - деди Хорст Келлер. - Кыргызстандын Финансы министрлиги, Улуттук банкы өздөрүнө коюлган тапшырманы так аткарышты. Натыйжада Кыргызстан 5% экономикалык өсүшкө жетишти. «Эми келечекте кандай экономикалык саясат жүргүзсө мындан ары туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга болот?» деген суроо туулат.

Хорст Келлердин пикиринде, Кыргызстанда келечекте да туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылыш үчүн өлкөнүн жетекчилиги төмөнкүдөй иш-чараларды аткарышы зарыл:

- Биринчиден, Кыргызстанда алгылыктуу фискалдык саясат жүргүзүлүп, инфляциянын деңгээли төмөн болушуна жетишүү керек. Экинчиден, өлкөдө элдин ишенимине ээ болгон банк системасын түзүү керек. Үчүнчүдөн, коррупция менен күрөшүп, ишкердикти жүргүзүүгө жана инвестиция үчүн жагымдуу шарт түзүш керек. Менин оюмча, ушундай шарттарды түзүүгө жетишүүнүн натыйжасында гана Париж клубунда өлкөнүн тышкы карызын азайтууга жетишсе болот.

«Жакырчылыкты азайтуу жана экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү» программасы 2004-жылы соңуна чыгат. Эгерде Кыргызстан үч жылдык программада коюлган талаптарды ийгиликтүү аткарса, Париж клубу Кыргызстандын 350 млн. долларга жакын тышкы карызын кечүү тууралуу чечим кабыл алат.

Ушул эле күнү Хорст Келлер Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев баштаган депутаттар менен жолугушту. Абдыганы Эркебаев өз сөзүндө согушту башынан кечирген Тажикстан жана Армения сыяктуу өлкөлөр соңку жылдары экономикалык ири ийгиликтерге жетишкенин, ал эми Кыргызстан экономикалык өсүш деңгээли боюнча башка КМШ өлкөлөрүнөн эң артта калганын белгиледи. Ал «чыныгы экономикалык өсүш жок болгондуктан, бул багытта ЭВФ кыргыз өкмөтүнө катуу талап коюшу керек» деген пикирин ортого салды.

- Биз элдин өкүлдөрү катары бул тууралуу айтууга милдеттүүбүз. Ошондуктан биз сизди бул багытта кыргыз өкмөтүнө катуу талап коюуга чакырабыз, - деди А. Эркебаев.

XS
SM
MD
LG