Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:54

ТАШ ЭСТЕЛИК ҮЧҮН ТАБЫЛГАН АКЧА АДАМДЫН ӨМҮРҮ ҮЧҮН ТАБЫЛБАЙБЫ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек 12-ноябрда Диабетиктер ассоциациясы билдиргенге караганда, Кыргызстанда инсулиндин кору 1-2 жумага жеткидей гана калды. Инсулинсиз кант диабети менен ооругандардын өмүрү коркунучта болоору түшүнүктүү. Бул илдетке кабылган баласы үчүн инсулин издеген энелер көз жашын төгүп, чыдамсыздык менен өкмөт тараптан жардам күтүүдө. Ал эми кант диабети менен ооругандардын кээ бирлери “Украинадан келчү, жаныбарларга ылайык инсулинди эч качан пайдаланбайбыз” деп кесе айтышууда.

Инсулин сыркоо адамдын өмүрүн улам бир күнгө узартып, өмүр тартуулап атканын кыргыз өкмөтү жакшы түшүнөөр. Бирок али күнчө инсулин тартыштыгы жоюла элек. Инсулин ташып келип аткан фирмаларга 2002-жыл үчүн Кыргызстан 32 млн. сом карыз. Чет элдик фирмалар болсо эсептешмейин кайрадан инсулин ташыгысы жок. Кыргыз өкмөтү оорукчан атуулдары үчүн акча таба албай атканы азыр миңдеген адамдардын өмүрүн тобокелге салып койду. Бишкектеги эндокринологиялык диспансерге киргенибизде 9 жашар баласынын инсулини бир жумага гана жетээрин айтып ыйлап отурган аялга жолуктук. Ал жашка муунуп, сүйлөй албай турду. Баласы үчүн деген инсулин бир жумага гана жетет экен. Андан кийин баласынын жаны кантип кыйналарын эне байкуш элестеткиси да келбейт.

Кант диабетинин эки түрү бар. Оор түрү менен ооругандар бир күн да инсулинсиз жашай алышпайт. Медициналык академиянын доценти, дарыгер-эндокринолог Роза Сейталиеванын айтымында, инсулин жок болсо андай адамдар набыт болуп калышы ыктымал.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлжигит Алиевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, жакында эле болгон тендерде инсулинди алып келүүгө америкалык жана даниялык үч фирма менен келишим түзүлдү. Украинадан сунушталып жаткан, жаныбарларга ылайык инсулинден Кыргызстан баш тартпайт. Гүлжигит Алиевдин айтымында, оорулуулар чочкого пайдаланылчу бул инсулинге дароо өтө алышпайт. «Жаңыдан бул илдетке кабылгандарды ушул инсулинге көндүрүп көрсөк болчудай» дейт министрдин орун басары. Украинадан алынчу инсулин арзандыгы менен гана айырмаланбайт. Балдарды дарылаган эндокринолог Айгүл Абикова «андан балдар жапа чегип калышы ыктымал» дейт. Чочкого колдонулчу инсулинден балдардын көрүүсү начарлап, бөйрөктөрүнүн иштеши бузулуп, ар кандай бут ооруларына чалдыгышы ыктымал экен.

Ал эми Бишкектеги Диабетиктер ассоциациясын жетектеген Наиля Сафина өзү да инсулинге көз каранды. «Украинанын инсулинин эч качан колдонбойм» дейт ал.

- Бизге азыр Укранинанын инсулинин сунуш кылып жатышат. Бул чочконун инсулини экен. Мен мусулманмын, чочконун инсулинин эч качан пайдаланбайм. Азыр күнүнө бирден флакон инсулин алып атабыз. Мен азыр ооруп атам. Инсулин кенен болгондо чоңураак доза алсам, жеңилдеп калат элем, - дейт Наиля Сафина.

Дарыгерлердин айтымында, инсулиндин кору түгөнүп баратат. Эндокринология борбору менен Диабетиктер ассоциациясынын босогосуна оорулуулар күн сайын үмүт үзбөй келишүүдө. Азырынча кыска убакытка гана таасир берүүчү инсулин бар, бирок ал дагы саналуу гана күндөргө эсептелген. Инсулин тартыштыгы боюнча министрлик жана эндокринология борбору өкмөткө бир нече жолу кайрылды. Ал эми Диабетиктер ассоциациясы болсо премьер-министрге киргенге аракет кылып, анысынан эч майнап болбой келет. Кыргызстандын башкы эндокринологу Светлана Мамутова адам өмүрү үчүн акча табылбаганына таң калат.

- Бизди таң калтырганы - эстеликти жылдырганга акча табылат. Жолго бетон, таш төшөгөнгө акча табылат. Мисалы, ошол эле бульвар менен дагы 4-5 жыл басып жүргөнгө болот эле го. Ал эми биздин оорулууларды кайрадан тирилтиш мүмкүн эмес да, - дейт башкы эндокринолог.

14-ноябрь - бүткүл дүйнө боюнча Диабетиктер күнү. 12-ноябрда Диабетиктер ассоциациясынын диспансеринде «ачык эшиктер күнү» болду. Каалоочулар барып кант диабетине текшерилип, бул илдет тууралуу кеңири маалымат алышты.
XS
SM
MD
LG